БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бишкек ШИИБ качып жүргөн кылмышкерлер тууралуу маалымат берип, алар сакалдарын алып салганын билдирди.
Бүгүн "Дордой" базарынын айланасын тинтүү учурунда табылып, милицияга катуу каршылык көрсөткөн Данияр Кадыралиев жок кылынды.
Дүйшөмбүгө караган түнү №50 түрмөдө отурган тогуз адам качып кеткен. Аларды токтотууга аракет кылган ЖАМК кызматкерлеринин үчөө өлүп, бирөө оор жарадар болгон. Ооруканага жеткирилген ал кызматкер бүгүн түнү эсине келбей каза болду.
Атайын операция учурунда алардын бешөө кармалып, төртөө из жашырганга үлгүргөн. Иликтөө иштеринин аркасында бүгүн анын бири атып өлтүрүлдү.
Үч качкын тууралуу маалымат 102 жана 0 (312) 437168, 0 (551) 102 756, 0 (551) 102 744, 0(708) 000 669 телефондору аркылуу кабыл алынууда.
УКМК кылмышкерлердин жайгашкан жери тууралуу так маалымат берген жаранга 300 миң сом өлчөмүндө каражат берилерин билдирген.
№50 тергөө абагынан камактагылардын качышы
№50 тергөө абагынан камактагылардын качышы