ИИМ: өлтүрүлгөн кылмышкер Данияр Кадыралиев экени такталды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Энесай" жилмассивиндеги милиция кызматкерлери. Архив
Энесай жилмассивиндеги милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерге келген ЖАМК кызматкерлери өлтүрүлгөн адам Данияр Кадыралиев экенин аныкташкан.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Жок кылынган кылмышкер Азамат Мусуралиев эмес, Данияр Кадыралиев экенин ИИМ билдирди.

Буга чейин "Дордой-1" жаңы конушунан түрмөдөн качып, издөөгө алынган кылмышкердин бири Азамат Мусуралиев атып өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат тараган.

© пресс-служба ГСИН КРКадыралиев Данияр Кылычбекович
Кадыралиев Данияр Кылычбекович - Sputnik Кыргызстан
Кадыралиев Данияр Кылычбекович

Окуя болгон жерге келген ЖАМК кызматкерлери өлтүрүлгөн адам Данияр Кадыралиев экенин такташкан. 

ИИМ кызматкерлери тарабынан  Дордой базарында издөө иштери - Sputnik Кыргызстан
Качкан кылмышкердин бири жок кылынды
Данияр Кадыралиев 1976-жылы Жумгал районундагы Миң-Куш айылында туулган.

Дүйшөмбүгө караган түнү №50 түрмөдө отурган тогуз адам качып кеткен. Аларды токтотууга аракет кылган ЖАМК кызматкерлеринин үчөө өлүп, бирөө оор жарадар болгон. Ооруканага жеткирилген ал кызматкер бүгүн түнү эсине келбестен каза болду.

Атайын операция учурунда алардын бешөө кармалып, төртөө из жашырганга үлгүргөн. Иликтөө иштеринин аркасында бүгүн анын бири атып өлтүрүлдү. 

УКМК кылмышкерлердин жайгашкан жери тууралуу так маалымат берген жаранга 300 миң сом өлчөмүндө каражат бере турганын билдирген.

"Энесай" жаңы конушунун бир бөлүгү курчоого алынды
Энесай жаңы конушунун бир бөлүгү курчоого алынды - Sputnik Кыргызстан
"Энесай" жаңы конушунун бир бөлүгү курчоого алынды

Жаңылыктар түрмөгү
0