Саат 22:00гө карата шайлоонун жыйынтыгы

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо участагында жыйынтыктарды саноо.
Шайлоо участагында жыйынтыктарды саноо. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
14 партиянын ичинен жарымынан көбү жети пайыздык босогодон өтпөй калды. Добуштардын жыйынтыгын автоматтык түрдө санаган урналардын берген маалыматы улам жаңыланып жатат.

БИШКЕК, 4-окт — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы саат кечки ондо Жогорку Кеңешке болгон шайлоонун алдын ала алынган кезектеги жыйынтыгын чыгарды.

Алдын ала жыйынтыктар боюнча кайсы талапкерлер депутат болот?
Буга чейин КСДП, " Республика — Ата-Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү — Прогресс", "Бир Бол" жана "Ата Мекен" партиялары жети пайыздык босогодон өткөн. 

Жаңыланган маалыматка караганда, КСДП — 27,45 пайыз, "Республика — Ата-Журт" — 20,13, "Кыргызстан" — 12, 81, "Өнүгүү — Прогресс" — 9,3, "Бир Бол" 8,44 жана "Ата Мекен" — 7,74 пайыз шайлоочулардын ишинимине ээ болгон. 

Алдын ала алынган жыйынтык менен бөлүшө келгенде мандаттар төмөнкүчө бөлүштүрүлүшү мүмкүн:

 

  • КСДП — 38 мандат;
  • "Республики — Ата-Журт" — 28;
  • "Кыргызстан" — 18;
  • "Өнүгүү — Прогресс" — 13;
  • "Бир Бол" — 12;
  • "Ата Мекен" — 11.

 

2015-жылдын 4-октябрында өткөн кезектеги парламенттик шайлоодо Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу биометрикалык маалыматтар колдонулду. Өзүнүн жеке маалыматтарын тапшырган респубилканын 2 миллион 671 миң 297 жараны  шайлоого катышууга укук алган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0