БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. КМШга мүчө өлкөлөрдүн юстиция министрлери Кеңешинин 10-жыйынында министрлер менен алардын орун басарлары жарандардын укуктук маданиятын жакшыртуу жөнүндө макулдашканын КРдин Юстиция министрлиги билдирди.
"Негизги талкуу КМШ конвенцияларына ылайык укуктук жардам көрсөтүүнү анализдөө, юстиция министрликтеринин ролу жана жарандардын укуктук маданиятын жакшыртуунун айланасында жүрдү", — деп айтылат билдирүүдө.
Жыйындын катышуучулары үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча жардам берүү каралган Минск жана Кишинев конвенцияларынаткаруу жол-жоболорун жаңыртууну макулдашышты.
"Конвенцияларды ишке ашырууда бир катар кыйынчылыктар бар, алардын иштөө механизмдерин жакшыртуу боюнча эксперттик топ түзүү зарыл", — деди өз сөзүндө КРдин юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева.
Кеңештин соңунда мекеме жетекчилери келерки жылы Санкт-Петербургда өтө турган жыйындын күн тартибин бекитип, протоколго кол коюшту.
Маалыматка ылайык, кийинки жыйында коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө, КМШ органдарынын ортосундагы өз ара аракет жана нотариат менен адвокатуранын ишмердүүлүгү талкууланат.