БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстандын жарандарынын жарымы кан айлануу системасынын оорусунан каза табышат деп билдирет Улуттук статистикалык комитет.
Ведомствонун маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында катталган 20 миң өлүмдүн ичинен 10 миңине дал ушундай оорулар себеп болгон.
2,2 адамдын өмүрүн шишик оорусу алып кетсе, дагы 1,3 миңи тамак сиңирүү ооруларынан көз жумган.
Ал эми эки миңге жакын кыргызстандык ажалынан мурун өлгөн. 473 адам жол кырсыгынан каза тапса, дагы 259 жаран өз өмүрүн өзү кыйыптыр. 111 кыргызстандык киши колдуу болгон.