Көбүнчөсү аялдарына 30-40 жаштагы жумушсуз эркектер кол көтөрөт

© Фото / Jesse TherrienОтурган кыз. Архив
Отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй-бүлөлүк зомбулукка орто билимдүү аялдар баарынан көп дуушар болот.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Үй-бүлөлүк зөөкүрчүлүккө баргандардын көбү 30-40 жаштагы орто билимдүү, жумушсуз эркектер экени Улуттук статистикалык комитеттин отчетунда айтылат.

Балдар үйүндөгү жаш бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн штабдар түзүлүүдө
Ведомствонун маалыматына ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылуучулардын басымдуу бөлүгүн 20 жаштан 40 жашка чейинки аялдар түзөт. Алар негизинен орто мектепти гана бүткөн жана жумушсуз үйүндө отургандар.

Сегиз ай ичинде бардыгы болуп 2,3 миң үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан окуя катталган. Алардын ар бир үчүнчүсүндө жабыр тартуучуга кол көтөрүшкөн. Үчтөн бири психикалык зомбулук болуп эсептелет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0