БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Баткен облусунун Кара-Бак айылынан аткезчилик жол менен алынып келе жаткан 2 тонна 600 килограмм жаңы үзүлгөн жүзүм кармалган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Кармалган товардын баасы 104 миң сомду түзгөн.
Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.