Россия президенти Путин россиялык мусулмандарды Москвадагы чоң мечиттин оңдоо иштеринен кийин салтанаттуу ачылышы менен куттуктап, бул жердин гуманисттик идеяларды жайылта турган жана маанилүү руханий борбор болуп калаарына ишеним арткандыгын билдирди.
"Бардыгыңыздарды Москва собордук мечитинин ачылышы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бул россиялык мусулмандар үчүн чоң окуя болуп турат. Москвадагы эң байыркы мечиттердин бири оңдоп-түзөөдөн кийин тарыхый ордуна кайра пайда болду", — деп айтты Путин.
РФ президентинин айтымында, ал Европадагы эң ири мечитттердин бирине айланды. Бул жай — көп улуттуу, көп диндүү борбордун, Россиянын мыйзамдары боюнча россиялыктардын салттуу диндердин бири болгон исламдын бул өлкөдөгү заманбап жана татыктуу жүзү болуп калды.
Реставрациядан кийин комплекстин аянты 20 эсеге кеңейип, 19 миң чарчы метрге жетти. Эми бул мечитте бир учурда эле 10 миң адам намаз окуй алат. Алты кабаттуу бул жайга жети лифт орнотулуп, намаз окуп, дуба кылууга келгендерге бардык шарттар каралган. Андан сырткары майып адамдар үчүн кирип, чыгууга атайын жабдуулар орнотулган. Бир нече залда жалпак экрандуу мониторлор орнотулуп, мечиттин борбордук залында болуп жаткан иш-чаралар даана көрсөтүлүп турат. Мунаранын куполунун бийиктиги 46 метрди, ал эми диаметри 27 метрди түзөт.
Москвадагы чоң мечит Татарстандык меценат Салих Ерзиндин каражатына 1904-жылы татарлардын архитектуралык үлгүлөрүнүн негизинде курулган. Советтер союзу учурунда жабылбай иштеген жападан жалгыз мечит болгон. 1996-жылдан тарта мечиттин аймагындагы өзүнчө имаратта муфтийлер кеңеши жана анын башчысынын резиденциясы жайгашкан. Масштабдуу оңдоо иштери 2005-жылдан тарта башталган. 2011-жылы сентябрь айында түрттүрүлүп салган тарыхый имараттын бир канча бөлүгү сакталып калган. Оңдоп-түздөө иштерин жүргүзгөндөр азыр ал толугу менен оңдолуп, баштапкы көрүнүшүндөй калыбына келтирилгендигин айтышты.