БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театры 19-сентябрда быйылкы сезонун ачат. Бул туурасында аталган театрдан билдиришти.
Театрдын 73-сезонун "Манас" эпосунун негизиндеги жазылган "Айчүрөк" операсы ачат. Башкы партияларды Кыргыз эл артисттери Сайрагүл Чоткараева, Сталбек Алмасбеков жана Талгарбек Жакшылыков аткарат.
Кийинки күнү, жекшембиде сезонду Михаил Раухвергердин "Чолпон" балети улантат.