БИШКЕК, 18-сен. – Sputnik. Жуп канаттууларга жүргүзүлгөн байкоолор сүйүү сезиминин эволюциялык маанисин ачууга жардам берди. Көрсө, ата-эненин бири-бирине ынактыгы көбүрөөк тукум өстүрүүгө өбөлгө болот экен. Дал ошондуктан канаттуулар менен адамдардын арасында байыртан эле ушул психологиялык өзгөчөлүк кеңири тарган деп айтылат PLoS One журналында жарык көргөн макалада.
Зеевизендеги Макс Планк коомунун орнитологиялык институтунан (Германия) Вольфганг Форстмайер (Wolfgang Forstmeier) жана анын кесиптештери сүйүү бар экендигине өтө жөнөкөй, бирок эмоциялык жактан ырайымсыз эксперимент аркылуу эволюциялык түшүндүрмө беришкен.
Эки жүзгө жакын зебр түспөлдүү амадинге (Taeniopygia guttata) жүргүзүлгөн тажрыйба, Форстмайер белгилегендей, кыска жолугушууну элестеткен – окумуштуулар он чакты ургаачы чымчыкты ошончо сандагы эркек чымчыктар отурган торго киргизип, ар кимиси өзүнө түгөй тапканга чейин аларды эркине коюшкан. Амадиндерде сулуулуктун айкын стандарттары жок, ургаачылардын баары бир эле эркекти айланчыктабайт. Алар адамдай болуп кандайдыр бир ички идеалдардын жетегинде болушат жана ар бири өзүнө гана ылайык түгөй тандап алат.
Андан кийин биологдор жуп канаттууларды тең сандагы эки топко бөлүп, биринде амадиндерди өзүлөрү түзгөн бүлөдө калтырышкан. Экинчи топто болсо окумуштуулар канаттуулардын орундарын алмаштырып, "кыска жолугушуу" учурунда бири-бирин тандабаган ургаачы менен эркектерди жупташтырып коюшкан.
Атап айтканда, "бактылуу" амадиндердин жумурткадан чыгып, аман чоңойгон балапандарынын саны 37пайызга көп, басылып чыкпай же сынып калган жумурткалар үч эсе аз болгон. Ошол эле учурда, окумуштуулар түзүп койгон жуптардын балапандары жумурткадан чыккандан кийин алгачкы эки күндө бир топ көп өлгөн. Буга ургаачыга эч сезими жок эркектер, "бактылууларга" салыштырмалуу балапандарына анча карабаганы себеп болгон.
Бул факт сүйүүсүн көрсөтүүнүн себептерин ачат – тукум улантуу процесси кеч башталганына карабай, көбүрөөк балапан чыгаруу мүмкүнчүлүгү эволюциялык артыкчылык болуп эсептелет. Ал амадиндерге байыркы мезгилде өзүнүн генин көбүрөөк калтырып, мындай сезимге шыгы жок тектештерин сүрүп чыгарууга мүмкүндүк берген. Окумуштуулар ушундай эле көрүнүш биздин бабалардын арасында сүйүү-ынактык сезиминин өрчүшүнө өбөлгө болгону толук мүмкүн деген тыянакка келишти.