БИШКЕК, 17-сен. – Sputnik. Кара-Балта шаарында электр жабдууларын пайдаланууда коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам "Ауди С4" үлгүсүндөгү автоунаа толук күйүп кеткенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсыктан унаа ээсинин 25 жаштагы баласы Алексей Лоза денесинен жеңил күйүк алган.
Министрлик жабыркаган жаран Кара-Балта аймактык ооруканага жеткирилгенин кабарлады.