БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. "Жакпайт" деген кнопка жакында Фейсбук социалдык тармагында пайда болушу мүмкүндүгүн анын негиздөөчүсү Марк Цукерберг билдирди.
Кеңири таанымал соцтармагынын пайдалануучулары Фейсбуктагы маалыматка карата өзүнүн "жагат" деген гана эмес, "жакпайт" баасын берүү мүмкүнчүлүгү болсо деген пикирлерин көп билдиришкен.
Соцтармактын негиздөөчүлөрү узак убакты бою мындай нерсени киргизүүдөн баш тартып, аны 1,5 миллиард пайдалануучунун терс мамилелерин эмес, оң маанайдагы сезимдерин колдой тургандыктары менен түшүндүрүп келишкен.
Бирок айрым талаш-тартыш, талкуулардан кийин Цукерберг билдиргендей, Сириядан келген качкындарга байланышкан окуя сыяктуу көпчүлүк учурларда элдер өзүнүн тилектештигин, боор тартканын билдиргиси келет, бирок "лайк" таптакыр башка сезимдерди көрсөтөт.
Цукерберг терс мазмундагы постторго карата "лайк" кнопкасын басуу пайдалануучулар үчүн "мүмкүн, ыңгайсыз" деп белгиледи.
"Элдерге жөн гана "жагат" деп басып койгондон көбүрөөк опцияларды берүү зарыл", — дейт ал.