00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Как незаметно приучить ребенка к брокколи и моркови по советам педиатров
08:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жеңүүчүлөр Россияга барат — өлкөнүн күчтүү механизаторлору «Айдоо Фест 2026» чемпионатында күч сынашат
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Личный интерес
Школа Говорухина: Лариса Лужина и Сергей Баталов об изнанке легендарного кино
10:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ШКУ өлкөлөрүндө айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине кандай көңүл бурулат?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эми курулуш лицензиясын 1 эле күндүн ичинде алууга болот — лицензиялардын баасы канча?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бишкек и Санкт-Петербург перешли от слов к реализации масштабных дорожных карт
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жеке маалыматтарды коргоо: мыйзамдагы өзгөрүүлөр, жоопкерчилик жана санариптик коопсуздук
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Передел мира и рождение капитализма — простыми словами
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жол кырсыктарынан коргоо: «КАСКО Эконом» программасынын мүмкүнчүлүктөрү
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как научить ребенка отвечать за свой выбор и не бояться ошибок - беседа с психологом
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Өнөр жана өмүр: Акимжан Жээнбай тууралуу маек
17:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
20:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ЖМК: Россия Сириядагы каатчылыкты чечүүдө Батыш үчүн чечүүчү роль ойнойт

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүРоссия жана ЕСтин желектери. Архив
Россия жана ЕСтин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында болгон окуялар көрсөткөндөй, Европа коңшулаш өлкөлөрдө туруктуулукту камсыз кыла албайт, ошондуктан башка өлкөлөргө дипломатиялык чечимдерди кабыл алууга тоскоол кылбаш үчүн "өз короосунан" чыкпай отурганы жакшы деп жазат Dagens Næringsliv.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Сирияда каатчылыкты саясий жөнгө салууда Россия башкы роль ойной алат жана качкындарга байланышкан маселени чечиш үчүн муну Европа мойнуна алышы керек деп жазат Норвегиянын Dagens Næringsliv гезити.

Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кадыров ислам өлкөлөрүн кеч боло электе качкындарга жардам берүүгө чакырды
Азыр Европа башынан кечирип жаткан миграциялык кыйынчылыкты качкындар кетип жаткан өлкөлөрдө туруктуулук орногон шартта гана чечүүгө болот. Бирок, Европа жакынкы аймактарда тынчтыктын орношуна түз көмөк көрсөтүү керектигин азырынча түшүнө элек. Россия болсо Жакынкы Чыгышта туруктуулукту колдоо канчалык маанилүү экендигин башынан эле түшүнгөн деп жазат басылма. 

2013-жылы эле Россия Сирияда химиялык курал колдонулду деген маселеге байланышкан абалды жөнгө сала алган. Анда Москва Сириянын президенти Башар Асад менен химиялык демилитаризациялоо боюнча макулдашкан. АКШ болсо буга жетиш үчүн күч колдонгону жаткан. Азыр Россия "Ислам мамлекетине" каршы күрөштө Башар Асадга көмөк көрсөтүп жатат деп эске салат басылма.

"…Сирияда абал тынчтык жолу менен чечилсе, Асад дагы бир канча убакыт бийликте болорун батыштын түшүнүшүнө убакыт жетти. Азыр эң башкы милдет — тынчтыкка жана туруктуулукка жетишүү. Бирок Европа биримдиги Асад кетиши керек деп талап кылып жатат. Бул акылдуу кадам эмес, себеби Европа чыр-чатакка аскердик кийлигишүүгө даяр эмес, ошон үчүн эч таасир көрсөтө албайт", — деп айтылат макалада.

Ливияда болгон окуя Сирияда кайталанышына жол бербөө үчүн бардык аракеттерди көрүш керек. Белгилүү болгондой Ливия аздыр-көптүр туруктуу мамлекеттин ордуна террористтик топтор гүлдөгөн жерге айланды. Жагдайды саясий чечим кабыл алуу менен гана жөнгө салууга болот деп жазат Dagens Næringsliv. 

"Бул жерде Россиянын белгилүү бир дипломатиялык ролу бар, Ирандын өзөктүк программасы боюнча макулдашуудан кийин Тегеран да өз салымын кошууга даяр. Мындайды жасоого АКШ менен Сауд Аравиясы да даяр болушу керек. Ал эми эч нерсе чече албаган жана болуп жаткандарга көз салып гана турган Европа эми ушундай саясий чечимди активдүү колдошу керек", — деп айтылат макалада.

Беженцы на сербско-венгерской границе - Sputnik Кыргызстан
Бозгундардын көчү Европаны каптоодо
Европа өлкөлөрү "чыныгы саясат дүйнөсүндө өз колун булгагысы келбейт", бирок жакынкы аймактарда кырдаалды жөнгө салуу үчүн жоопкерчиликтин баарын башкаларга жүктөп коюу менен наадандык кылып жатышат. Ошентсе да, Европа биримдиги өз чек араларын өзү көзөмөлдөп, туруктуулукту камсыз кылууга үйрөнүшү керек, себеби АКШ улам барган сайын анын көйгөйлөрү үчүн өзүнүн башын көп ооруткусу келбей баратат деп эсептейт басылма.

2015-жылдын башынан бери Европа биримдигинин аймагына 350 миңге жакын мигранттар келген жана алардын саны күн санап миңдеп өсүүдө. Россия Сирия каатчылыгын чечүүдө жардам берүүгө даяр экенин бир нече жолу билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0