БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылып, парламент өз ишин баштады. Депутаттары бүгүнтөн тарта тармактык комитеттерде иштеп баштайт.
Андан сырткары, "Республика" партиясынын тизмеси аркылуу жаӊыдан депутат болуп келген Асылбек Арапбаев ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.
30-июнда парламенттин сессиясы аяктап, депутаттар эс алууга кеткен. ЖКнын V чакырылышынын курамы өзүнүн мөөнөтүн күздө аяктайт, себеби 4-октябрда өлкөдө парламенттик шайлоо өтөт.