Өксүк менен кубаныч коштогон жашоо. Маркумдун сөөгүн талаада калтырбай турган кандаштар

© Sputnik / Табылды КадырбековКызыл Аянт, Москва шаары. Архив
Кызыл Аянт, Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биздин маектешибиз, Москва шаарында жашап иштейт, аны жакшы тааныгандар "көп жакшылык жасайт" жана "ажат ачканга дайым даяр" деп сыпаттаган Токтополот Абдурахманов. Кесиби — инженер-эколог, Кадамжай районунун Валакыш айылында туулган.

Жогоруда айткандай, жардамге тез кол сунган каарманыбыз, боорукерлик ыймандын негизи экендигин айтат. Биз бүгүн Токтополотту кепке тартып, суроо узаттык. 

— Токтополот айтсаңыз, сыртта жүрүү сезими кандай, эмне артыкчылыгы, эмне өксүгү бар?

— Артыкчылыгы — өзгө өлкөнүн маданиятын түшүнүү, ар түрдүү инсандар менен пикир алышып, дүйнө таанымды жогорулатуу. Заманбап технологияларды колдонуу менен аң-сезимди өрчүтүп, жакшы, үлгү кылып ала турган нерселерди өзүңө сиңирип алуу. Жакындарыңа болгон камкордуктун дагы жогорулашы. Анан да, "ак эмгектин наны таттуу" дегендей, кыйналып тапкан акчабыздын үнөмдүү чогулушу.

© предоставлено Токтополотом АбдурахмановымТоктополот алыста жүргөндө элди-жерди, ата-эне, дос-тууганды, үй-бүлөнү сагынуу менен күн кечерин айтат.
1/3
Токтополот алыста жүргөндө элди-жерди, ата-эне, дос-тууганды, үй-бүлөнү сагынуу менен күн кечерин айтат.
© предоставлено Токтополотом АбдурахмановымБиздин маектеш "мекенден сыртта жүргөндө жакындарыңа болгон камкордук дагы жогорулайт", — дейт. Токтополот келинчеги Дамира менен.
2/3
Биздин маектеш "мекенден сыртта жүргөндө жакындарыңа болгон камкордук дагы жогорулайт", — дейт. Токтополот келинчеги Дамира менен.
© предоставлено Токтополотом АбдурахмановымКыргызстандык мекендештер менен.
3/3
Кыргызстандык мекендештер менен.
1/3
Токтополот алыста жүргөндө элди-жерди, ата-эне, дос-тууганды, үй-бүлөнү сагынуу менен күн кечерин айтат.
2/3
Биздин маектеш "мекенден сыртта жүргөндө жакындарыңа болгон камкордук дагы жогорулайт", — дейт. Токтополот келинчеги Дамира менен.
3/3
Кыргызстандык мекендештер менен.

Менин байкаганым, мекендештерибиз иштеп да, аны менен кошо өзүнүн билимин жогорулатууга умтулат. Мындайды көрүп канаттанып каласың.

Өксүгүн сурадыңыз. "Туулган жердин топурагы алтын" демекчи, алыста элди-жерди, ата-эне, дос-тууганды, үй-бүлөнү сагынуу менен күн кечиребиз. Ата-энебиз улгайган кезде аларга жөлөк болуп жанында боло албагандыгыбыз. Өз убагында ата-эненин мээримине тойбой, кусага батып чоңойуп келе жаткан балдарыбыз.

— Азыркы учурда Россияда, анын ичинде Москвада мекендештерибиз улам ынтымактуу болуп бара жатканын байкоого болот. Бул боюнча пикириңизди уксак?

Москвада каза болгон мекендештин сөөгүн жөнөтүүдө кыргызстандыктар биримдигин көрсөттү
— Москвадагы мекендештердин ынтымактуулугу чындыгында жан дүйнөгө эргүү берип, жүрөк жылытат. Ички дүйнөңдө кандайдыр бир топуктуулукту жаратат. 

Акыркы жылдарда мекендештерибиздин бири-бирине кайрымдуулугу, жамандык-жакшылыкта бирин-бири колдоп-таяп келе жаткандары даана байкалат. Буга түрткү болгон нерсе мүмкүн "мусапырдын наны таттуу, азабы ачуу" экендигин түшүнүп калганыбызда болсо керек. Эмнеси болсо да, ынтымагыбызга көз тийбесин. 

Арабызда акча табуу менен гана алектенбестен, өзүнүн атуулдук сезимдери менен үлгү болгон мекендештерибиз да арбын. Маалымат технологиянын өнүгүшү мекендештердин ынтымагын дагы арттырууда. Мисалы, Facebook социалдык түйүнүндө "Москвадагы Кыргыздар"деген тайпа ачып, ар үч айда жолугушуу уюштуруп, маселелерди чечүүгө жол көрсөтүп келе жаткан Тынычбек Анарбаев агабыздын эмгегин жогору баалайм. 

— Турмуштук ар кандай кырдаалдарда, өзгөчө жамандыкта да бир адамдай туруп, жардам көрсөткөн учурлар көп экен… 

Якутск шаарынын көрүнүшү, Якутия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Якутиядагы диаспоралар таймашында 1-орун өзбек, 2-орун кыргыз мигранттарына буюрду
— Адамдын өмүрүндөгү эң бир оор мезгилде таяныч болгон адамдар эстен кетпейт эмеспи. Мекендештерибиздин мындай демилгелери акыркы учурда жакшы жанданууда. Буга бир далил катары "Москва.kg" газетасынын башкы редактору, "Боордоштор" фондунун жетекчиси Жылдыз Осмонованын демилгесин баса белгилөөгө болот. Өзүнүн жаш экенине карабай, жумушунан убакыт бөлүп, жардамга муктаж жана ден соолугу жабыркаган инсандардын абалы боюнча коомчулукка кайрылуу жасап, чогулган акчаны өз убагында жеткирип, кабагым-кашым дебей чуркап жүрөт. Кээде мекендештердин арасында ар кандай себептер менен кайтыш болгон учурлар кездешет. Маркумдин ким же кайсы улуттан экендигине карабай, керек сумманы өз убагында чогултуп берүүгө көпчүлүк мекендештерибиз жардам берип келишет.

— Мекендештер үчүн сыймыктанган учурлар арбынбы же уялган учурлар көп болобу?

Ая — "Город 312" тобунун ырчысы: Кыргызстанды ар дайым сагынам
— Бөтөн эл, бөтөн жерде жүргөн ар бир жарандын атуулдуу сезими жогору болору анык. Андыктан мекендештердин жетишкендиктерин, ийгиликтерин көрүп сыймыктанган учурлар көп. Коомдук жайларда өзүн маданияттуу алып жүрүүсү, ишинде башкаларга үлгү болгондугу, жетишкендиктери, башкалар менен теңтайлаша иштеп да, башкарып да жүргөндүгү менен сыймыктанса болот. 

Тыйындын эки бети бар сыяктуу кээ бир мекендештердин айрым жоруктары уялууга да аргасыз кылатт. Бирок аларды тактап айтуунун кажети жок. Жараткан кудай өзү ынсап берсин. Көбүнчө жакшы саамалыктарга күбө болуудамын.

— Акыркы мезгилдери, өзгөчө Кыргызстан ЕАЭБге мүчөлүккө киргенден кийин юридикалык маалыматтар көп эле бериле баштады. Ошентсе да, айтсаңыз, Россияга иштөө үчүн жаңыдан бара тургандар биринчи иретте эмнеге көңүл бурушу керек? 

— Орусияга келүүнү каалаган ар бир мекендешибиз эң биринчи өзүнүн ден соолугун текшертип, медициналык кароодон өтүп, бул жакка келгенден кийин каттоого туруп, жергиликтүү мыйзамга ылайык документтерин жасатуусу зарыл. Ага да бир топ суммадагы каражат талап кылынат. Орто эсеп менен чөнтөгүнө 20000 рублддей акча сала барышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0