Кыргыз китеп дүйнөсү улуттук баалуу байлыктар менен толукталды

© пресс-служба НАН КР"Манас" эпосунун түшүндүрмө сөздүгү. Архив
Манас эпосунун түшүндүрмө сөздүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган төрт китеп Эл аралык Түрк академиясынын каржылоосу менен жарыкка чыгып, окурмандарга тартууланды.

БИШКЕК, 28-август — Sputnik. Кыргызстандын Илимдер Улуттук Академиясында бүгүн "Манас. Сагымбай энциклопедиясы", "Манас" эпосунун түшүндүрмө сөздүгү", "Токтогул Сатылгановдун тандалган чыгармалар жыйнагы" жана "Чыңгыз Айтматов жана азыркы түрк дүйнөсү" деген китептердин бет ачар аземи болот. Бул туурасында ИАнын маалымат кызматынан билдиришти.

Чингиз Айтматов өзүңүн кабинетинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда Айтматовго арналган дагы бир китеп жарык көрдү
Кыргыз элинин руханий байлыгынын башаты болгон бул инсандар боюнча 2000ге чукул китеп Эл аралык Түрк академиясынын каржылоосу менен жарыкка чыкты. 

Салтанатка Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, окумуштуулар, акын-жазуучулар катышмакчы. Андан сырткары, иш-чаранын алкагында Кыргызстан жана Казакстандын мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, окумуштуулар, өнөр адамдары катышкан Түрк академиясын тааныштыруу күнү өткөрүлөт. 

"Манас. Сагымбай энциклопедиясында" эл арасында "чоң манасчы" деген ат менен белгилүү манасчы тууралуу маалыматтарды бир жерге бириктирген эң алгачкы эмгек. Энциклопедияда Сагымбай Орозбаковдун өмүрү жана чыгармачылыгына байланыштуу изилдөөлөр менен баардык тиешелүү маалыматтар камтылган",— деп билдиришти аталган ведомствонун маалымат кызматынан. 

Маалымат кызматы "Манас" эпосунун түшүндүрмө сөздүгүнө эпостун өзүнүн теңдешсиз зор көлөмү түрткү болгондугун, сунушталган басылмада этнонимдерге, топонимдерге, каада-салттарга, антропонимдерге, зоонимдерге түшүндүрмөлөр берилгендигин кошумча билдирди. Анда көбүнчө архаизмдердин жана башка тилдерден кирген сөздөрдүн маанилери түшүндүрүлгөн.

Мамырова: кыргыз тилине күйгөндү Юдахинден үйрөнүшүбүз керек
"Улуу инсандар" сериясында Токтогул Сатылгановдун тандалган ырларын казак тилине которуп, биринчи жолу жыйнак катары жарыкка чыгып, аны казакчага акын Жанат Аскербек кызы которгон.

"Чыңгыз Айтматов жана азыркы түрк дүйнөсү" деген ат менен көлөмдүү китеп болуп жарыкка чыкты. Анда көрүнүктүү жазуучунун адабий мурастарын изилдеп жүргөн Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан, Туркия, Өзбекстан элдеринин, Россиянын Татарстан аймагынын окумуштуулары менен изилдөөчүлөрдүн баяндамалары, мамлекетттик жана коомдук ишмерлердин эскерүүлөрү киргизилди. Андан сырткары китепке калемгер тууралуу мезгилдүү басма сөздө жарыяланган казак, кыргыз окумуштуулары менен жазуучуларынын макалалары киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0