БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Ош шаарынын жашоочулары 2016-жылдан тарта ичүүчү сууну үзгүлтүксүз жана таза сапатта алып баштайт. Бул туурасында Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев калааны суу менен камсыз кылуу боюнча системаларды реконструкциялоо иштери менен таанышып жүргөндө айтты.
"Ош шаардык сууканал" ишканасынын маалыматында, Азиялык өнүктүрүү банкынын Ош калаасын суу менен камсыздоо системасын жаңылоого долбоорунун алкагында "Плотина" суу тосмосунда дренаждык курулуштарды салуу каралган.
"Ошто Азиялык өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында суу менен камсыздоо системасын жакшыртууга 11,8 млн. доллар бөлүнгөн. Андан сырткары Европалык өнүктүрүү банкы алты насостук станцияны, ыплас сууларды тазалаган канализацияны реконструкциялап, эски жабдууларды жаңысына алмаштыруу жана кеңейтүүгө 8,45 млн. евро караган", — деди Кадырбаев.
Маалымат кызматынан мындан сырткары суу тазалаган "Өзгүр" станциясынын аймагында сууну хлорлогон станцияны реконструкциялоо да жүрүп жатат.