БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкектин мэри жаңы конуштардын 130 миңден ашуун тургунун ичүүчү суу менен камсыз кылган "Баш-Кара-Суу" суу алгычын расмий ишке киргизди.
Суу алгыч Сокулук районундагы Баш-Кара-Суу жана Жал айылдарынын жанындагы Орто-Алыш ойдуңунда жайгашкан. Курулуш иштеринин 80 пайызы Дүйнөлүк банктын грантынын эсебинен жүргүзүлдү. Дагы 10 пайызын өкмөт менен мэрия бөлүп берген. Долбоордун жалпы баасы 336 миллион сомду түздү.
Суу алгычтын курулушу менен эми "Ак-Ордо", "Ак-Өргө", "Жогорку Орок", "Ала-Тоо", "Ала-Арча", "Ынтымак" жаңы конуштары жана Орок айыл өкмөтүнүн сегиз айылы таза суу менен камсыз кылынат.