БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Жалал-Абад облсунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагында сел жүрүп, 11 баш уйду суу алып кеткенин ӨКМ билдирет.
Маалыматка ылайык, кырсык үстүбүздөгү жылдын 24-августунда Кызыл-Суу жайлоосунун Кызыл-Колот участкасында катталган. Сел агызып кеткен жети уйдун өлүгүн жрегеликтүү малчы Таалай Жылкыев тапкан.
Бүгүн, 25-августта райондук жарандык коргонуу комиссиясы түзүлүп, окуя болгон жерге барат. Министрлик бул тууралуу кошумча маалымат берилерин белгилейт.