БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алганын өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирет.
Ага ылайык, президент 17-августтан 21-августка чейин эс алат.
Бул Атамбаевдин жай мезгилиндеги экинчи эмгек өргүүсү. Өлкө башчысы июнь айында кыска мөөнөттүү эс алууга чыгып, аны үй-бүлөсү менен Түркияда өткөргөн.