Назарбаев Алматы — Чолпон-Ата кыска автожолун куруу башталарын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек-Ысык-Көл автоунаа жолу. Архив
Бишкек-Ысык-Көл автоунаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын ЕАЭБге кириши менен Ысык-Көл обулусуна Казакстандан келе турган туристтердин агымы артат.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ЕАЭБ алкагында кыргыз-казак чек арасындагы бажылык көзөмөлүн алуу салтанатында сүйлөп жатып, Алматыдан Чолпон-Ата кыска автожолу жолу курула тургандыгын айтты.

"Туристтердин Казакстандан Чолпон-Атага кыска жол менен келүүгө салуу маселелерин карайбыз. Негизи эле, бул жолугушуу эки тараптуу бардык маселелерди кароого мүмкүнчүлүк берди. Бүгүн электр энергиясы, суу маселелерин бирге чечүүнү сүйлөштүк", — деди Назарбаев.

Салтанат учурунда журналисттерге маалымат берип жатып Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев бул өзгөчө Ысык-Көлдүн жашоочулары үчүн жакшы болгондугун айтты. 

"Казакстан тарап автожол куруу боюнча долбоорду колдоду. Бүгүн Алматыдан келүү үчүн 480 чакырым эле, Кудай буюрса, 1- 2 жылдан кийин 240 чакырым жол курулат", — деп кошумчалады Атамбаев.

Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттарын кошпогондо Кыргызстандын чек арасында бардыгы болуп 15 көзөмөл-өткөрүү пункттары бар.

Бүгүн кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлдөө пункту алынып салынды. Аны ачууга Кыргызстан менен Казакстандын президенттери телекөпүрө аркылуу күбө болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0