БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Талас – Тараз кан жолунда дүйшөмбү күнү түнкү саат 10:25тер чамасында үч жеңил автоунаа кагышып, бир киши каза болуп, сегиз жаран жаракат алганын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Жол кырсыгынын айынан 24 жаштагы жигит ооруканада каза болгон. Андан сырткары, сегиз киши түрдүү жаракат менен Талас райондук ооруканасына жеткирилген. Алардын баары Талас шаарынын тургундары.