БИШКЕК, 10-июль — Sputnik. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы 11-августта кесиптик майрамын белгилейт деп аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирет.
Салтанат өкмөт башчысынын, эл аралык уюмдардын, аталган системанын ардагерлеринин катышуусу менен Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрында өтөт.
Театрдын фойесинде абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын колунан чыккан буюмдардын көргөзмөсү болот. Андан сырткары, кылмыш жаза аткаруу системасынын тарыхын чагылдырган ачык музей уюштурулат.
12-август — Кылмыш жаза аткаруу системасынын кызматкеринин кесиптик майрамы.