Бул күнү жолборстун жоголуп баратышы жана аларды коргоо боюнча маалыматтар таратылып, иш-чаралар өтөт. Кээ бир маалыматтарга ылайык, дүйнөдө бул жапайы жаныбардын беш миңдей эле саны калган.
Бул күндү белгилөөнү аймагында жолборстор жашаган 13 мамлекеттин башчылары демилгелеген. Жолборстор браконьерлердин курмандыгы болот. Россияда мындай аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Жыл сайын 29-июль жолборсту коргоонун эл аралык күнү катары белгиленип келет. Бул дата 2010-жылы Санкт-Петербургда өткөн жолборс саммитинде негизделген.

Бенгаль (ак) жолборсу — Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жаныбар. Анын ак өңү карда жашынууга жардам берет.

Эгер жолборстун терисин кыска кылып кыркса да, анын ала өңдөрү калат. Анын териси кадимки эле үй мышыгыныкына окшош.

Жолборстун көздөрү үй мышыктарыныкынан айырмаланат. Алар таң атпай жана кү батып баратканда аң уулагандыктан көздөрү тегерек болот.

Жолборстордун 10 аң уулоосунун бирөө гана ийгилик менен коштолот. Андыктан алар мүмкүнчүлүк болгондо болушунча көп жеп алганга аракет кылышат.

Лигр — арстан менен жолборстун ортосунан чыккан.

Новосибирскийдеги зоопарктагы лигр (жолборс менен арстандын ортосунан чыккан).

Жолборс баласы менен.

Жолборстун жети түрү бар. Алар көбүнчө браконьерлердин курмандыгы болушат.

Маалыматтарга ылайык, жолборстор 25 жыл жашайт.

Жолборсту үйрөтсө болот, бирок абдан кооптуу. Алар жаратылышта жашоого ыңгайлашканын унутпаш керек. Дрессировщиктерге жолборстордун кол салган учурлары болгон.

2014-жылы жолборсту балдардын "Спокойной ночи, малыши" программасынын жаңы каарманы кылышкан. Жолборстун 3D анимациясы программада октябрь айында чыккан.

"Полосатый рейс" киносуна тартылган жолборс.

Энеси баш тарткан жолборсторду мопс породасындагы иттер эмизген учурлар болгон.

Бир гана мопс эмес, шарпеи породасындагы иттер да жолборсторду эмизген учурлар кездешет.

Мындай нерсени сиздер бир гана цирктерде көрө аласыздар. Атайын үйрөтүлгөн жолборстор гана мындай аракеттерди жасай алат.

Владивостоктогу жолборстун туулган күнүн белгилөө.

Бул күнү жолборстун костюмдарын кийип алышып жүрүштөр жасалат

Мартин деген жолборс жана дрессировщик Эдгард Запашный.