БИШКЕК, 28-июль — Sputnik. Жол кайгуул кызматы жарандык коомдун сын-пикирин туура кабыл алганды үйрөнүшү керек. Мындай пикирди укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча Бишкекте өткөн тегерек столдо Европалык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун кеңешчиси Шамшыбек Мамыров билдирди.
Анын айтымында, жарандар Жол кайгуул кызматынын ишин жигердүү чагылдырып келет.
"Сынды туура кабыл алууну үйрөнүү керек. Инспекторлорду видеого тартууну атайылап жасалган иш деп айтууга болбойт", — деди эксперт.
Мамыров муну менен бирге Жол кайгуул кызматынын жалпы системасы көпчүлүк үчүн жеткиликтүү эместигин кошумчалады.