БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Мектептеги тамак берүүнү жакшыртуу программасынын алкагында аткарылган иштерди талкуулап жатып, министр балдардын ден соолугуна басым жасады.
"Биздин өлкөдөгү балдардын ден соолугуна изилдөө жүрүп, алардын 30 пайызы ден соолугу начар төрөлөрү аныкталган. Ал балдардын физикалык жана нерв-психикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчү дээрлик начар болот. Андыктан алардын жакшы өсүшү жана өнүгүшү үчүн иштерди жакшыртуунун зарылчылыгы турат", — деди Сариева.
Медицина кызматкерлери билдиргендей, туура тамактануу жугуштуу ооруларга каршы иммунитетти жакшыртат. Балдардын туура эмес тамактануусу алардын өсүүсүнө, кабылдоосуна жана сабактардагы жетишкендиктерине өз таасирин тийгизет.
Министрликтин эл аралык өнөктөштөрү маалымдагандай, мектептеги тамак берүүнү жакшыртуу программасы башка мамлекеттерге салыштырмалуу алдыңкы орундарды ээлейт.