БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Казакстанда иштеп, жашап жаткан кыргызстандык жарандардан биометрикалык маалымат чогултуу уланып жатканын Тышкы иштер министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, 15-20-июль күндөрү Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги Костанай шаарындагы кыргызстандык мигранттардан биометрикалык маалымат чогултуп, ЕАЭБ алкагында жарандардын ишке орношуу жана орун которуштуруу механизмдери тууралуу айтып беришти.
Мындай көчмө иш-чаралар мындан ары да улантылат.
Биометрикалык маалыматтарды чогултуу 2014-жылдын августунда башталган. 16 жаштан жогору болгон бардык жарандар бармак издерин, санарип сүрөтүн жана электрондук кол тамгасын тапшырууга милдеттүү. Жалпысынан Кыргызстан боюнча 3 миллион 641 киши жеке маалыматтарын тапшыруусу керек деп болжонууда.