БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында үч баллга жеткен жер титирөө катталганын ӨКМ билдирет.
Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө 22-июлда түнкү саат 12:12 де болгон. Очогу Кыргызстан менен Таджикистандын чек арасында Ош шаарынан түштүк-батыш тараты карай 140 чакырым аралыкта катталган.
Жер титирөө Кыргызстандын Жар-Башы, Шибээ айылдарында 2,5 баллга жеткен.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.