БИШКЕК, 2-июль — Sputnik. Баткен районунда жүргөн сел сугат каналдарын жана көпүрөнү алып, балдардын ден соолугун чыңдоочу лагерди каптап кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагында 1-июлда түшкү саат 2.30дар чамасында катуу жааган жамгырдын улам сел жүргөн. Селдин кесепетинен Кара-Таз, Бадамчы, Узун-Кол сайлары бириккен жердеги Кара-Булак айылына баруучу 30 метр темир бетондон курулган каналды сел бузуп, азыркы убакта айылга сугат суу барбай калган.
"Алтын-Бешик" балдардын ден соолугун чыңдоочу лагердин аймагына сел кирип, суу топтолуучу көлмөгө сел түшүп, таш, кум, шагылга толгон. Андан сырткары, лагердеги жөө адамдар өтүүчү жыгач көпүрөнү суу агызып кеткен.
Кара-Булак дарыясына коюлган 2 даана көпүрөнү суу жеп, автоунаа каттамы өтүүгө коркунуч абал түзүлгөн.
Аймактагы жарандык коргонуу комиссиясы келтирилген чыгымдарды эсептеп, тактоо иштерин жүргүзүүдө.