БИШКЕК, 2-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "2015-жылдын 15-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы KfW жергиликтүү бюросун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.
Ага ылайык, макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө Германия тарапка белгиленген тартипте маалымдоо тапшырмасы Тышкы иштер министрлигине берилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.