БИШКЕК, 29-июнь — Sputnik. Канат Исаев өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлү кызматынан бошотулганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Исаевдин өз ыктыяры менен кызматтан кетүү боюнча жазган арызын Темир Сариев канааттандырды.
Шайлоого катыша турган жетекчилер кызмат орундарын тапшырыш керектигин буга чейин өкмөт башчысы билдирген болчу.