00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ачык кеп
Хирургиянын малоинвазивдик методдор
15:05
43 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Как закон о женском предпринимательстве может изменить роль женщин в экономике
12:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Зоопарк тууралуу эмне билишибиз керек? — Кыргызстандагы жалгыз зоопарктын абалы
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
Роль Глобального Севера в современном мире — беседа с экспертами
14:07
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Билим берүү мекемелеринде акча чогулткандарга айып салынат — бул жол менен көйгөйдү толук токтотуу мүмкүнбү?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
Как приобрести собственное жилье в ипотеку – самое важное об условиях ГИК
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстандын азык-түлүк индустриясын ирилештирип, ЕАЭБ рыногун ээлөө мүмкүнчүлүгү жогору
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
В Кыргызстане хотят запретить ряд опасных пестицидов: какие альтернативы есть у фермеров?
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Коомдогу жан дүйнө кемтиги эмнеден улам пайда болот?
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
По следам истории
Исторические связи кыргызов и калмыков в эпосе “Манас”
20:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Билим берүү мекемелеринде акча чогулткандарга айып салынат — бул жол менен көйгөйдү толук токтотуу мүмкүнбү?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Канн арстандары" кыргызстандыктар үчүн: кайдыгерликти танып, өзгөрүүгө чакырат

© AFP / SEBASTIEN NOGIER"Канн арстандары" желеги. Архив
Канн арстандары желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык жарнамалар боюнча адис жана "Канн арстандары-2015" фестивалында номинант болгон долбоордун жетекчиси Мунара Бекназарова Sputnik менен маегинде ролик кандайча тартылганы жана аны жаратуучулардын максаттары жөнүндө сөз бөлүштү

Каннда жарнамалардын эң кадыр-барктуу деп эсептелген фестивалы биринчи жолу 1954-жылы жайында өтүп, анда роликтерди жаратуучулар элдин кеңири таанышына татыктуу экендиктерин далилдешкен. Быйыл 21-27 июнь күндөрү өтө турган бул чыгармачылык фестивалга дүйнөнүн булуң-бурчунан 75 жарнама компаниялары катышканы жатат. Фестивалдын байгеси – Канн арстанын гендердик багыт боюнча алууга кыргызстандыктар да ат салышат. Долбоордун жетекчиси Мунара Бекназарова өзүнүн чыгармачыл тобунун ийгиликтери жана Кыргызстанда биринчи жолу интерактивдүү фильм жаратуу процесси жөнүндө айтып берди. 

- Кыргызстанда аялдардын укугу жөнүндө ишиңиз сиздики биринчиби?
- Биринчи ишибизди 2013-жылы 21-июнда өткөн Канн фестивалынын Creative долбоорунун алкагында көрсөткөн элек. Анда биз социалдык жарнамаларды чыгаруучу 100 мыкты топтун катарына киргенбиз. Алар азыр жарнаманын аталган багыттагы түрүн жаратуучулар үчүн үлгү болуп эсептелет. Долбоор ийгиликтүү болду, андыктан биз ошол деңгээлден төмөн түшпөөгө аракет кылып калдык.

- Бул тасманы жаратуу жөнүндө ой кандайча пайда болду?
- Өзүнчө бир ой деле болгон эмес. Биздин иштер менен материалдар деги эле бир багытка ээ. Көпчүлүгү алар таяк жеп ыйлаган, аргасы түгөнүп муңга баткан аялдын элесине арналат. Ал эми ушул роликти даярдоо жөнүндө ой "Социалдык жарнама чыгаруу" деп аталган семинар учурунда пайда болду. Ошондо мен жаңы түзүлгөн команданы окутууга семинардын башкы тренери Георгий Молодцовду чакырдым. Аялдарга карата зомбулукка каршы жаңы мыйзам долбоорун жайылтуу зарылчылыгы да жаңы компанияны жаратууга түрткү болду.

- Команда – аты-жөнү, жүз-элеси жок түшүнүк эмеспи. Сиздин командага кирген кишилер ким? Алдыңарга койгон милдеттер кандай эле?
- Биринчи кезекте бул кино жана искусство адамдары: учурда иштеп жаткан операторлор, кинематография факультетинин студенттери, журналисттер, театр актерлору. Баары өз ишинин чеберлери. Ал кезде башкы милдет жакшы умтулууларды жаратып, адамдарды өзгөртө турган сценарий түзүү үчүн биздин ойду колдоо сезимин пайда кылуу болчу. 

- Роликте чыныгы актерлор тартылганбы?
- Башында актерлор тартылат деп ойлонулган болчу, бирок тартар алдында кайсы бир күтүүсүз себептер пайда болуп кетип, актриса эмес жөн эле кыз тартылды. Аны кадрдан көргөндө ойногонуна өзүм суктандым. 

- Интерактивдүү ролик Кыргызстанда биринчи жолу тартылышы. Эмне үчүн көрүүчүлөргө таасир берүүнүн дал ушул жолун тандадыңыз?
- Ооба, бул Кыргызстанда биринчи жолу болду. Биз жаңы формат издегенбиз. Көздөгөнүбүз көрүүчүлөргө жөн эле таасир калтырбастан, аларга көйгөйдү чечүүгө жардам бере турган жарнама жаратуу болду. Агрессивдүү маалымат мейкиндиги эч нерсени чыдап көтөрө албаган адамдарды жаратты. Биздин материал да көп сандагы жарнама баракчаларындай эч кызыгууну жаратпастан, таштандыга ыргытылышын каалаган жокпуз. 

- Жаңы форматтагы роликти тартуу канча турат?
- Каршы болбосоңуз, бюджети жашыруун бойдон калсын. Бир гана айтарым, өнөктөштөрдүн жардамы олуттуу болду, ошонун аркасы менен оюбузду ишке ашырганга кеткен каражат аз болду. 

-  Демек, команда курулай эле идея үчүн иштешкен экен да?
- Балдар кошумча тажрыйба алышты. Техника менен таанышып, толук кандуу мастер-класстан өтүштү. Анан калса, эгер компания ийгиликтүү болсо, бул иш алардын резюмесине олуттуу кошумча болот. 

- Ролик "Канн  арстандары-2015" деп аталган эң ири жарнамалар фестивалында гендердик багыттагы социалдык тасмалар номинациясы боюнча ат салышат. Ишиңерди бул сынакка алып чыгуу биринчи кимдин оюна келди?
- Материалды фестивалга чыгаруу оюбузда жок болчу, уюштуруучулар өзүлөрү бизге сунуштады. Албетте, биз макулдугубузду бердик. Чакыруу алганыбыздын себеби, биз былтыр бул конкурска катышканбыз. Андагы биздин ишти Эл аралык каналдардан көрүүгө болот.

- Силер чакыруу алдыңар. Бирок материалды кабыл алуу шарты боюнча, аны фестивалда көрсөтүү үчүн акча төлөш керек. Бул канча турат?
- Материал акысыз көрсөтүлөт, бирок аны басылма түрүндө жайылтуу үчүн бир аз акы төлөөнү сунушташты. Номинацияга катышууга биз 560 евро төлөдүк.

- Кандай дейсиз, силердин ролик Кыргызстандын социалыдк жарнама рыногунда жаңы үлгүгө айланабы?
- Буга үмүтүм чоң. Бирок мен эмес, башка бирөө баа берсе дейм. Аталган тема боюнча учурда бар контентти эске алганда, биз Кыргызстандын гана эмес, башка өлкөлөрдүн да бардык уюмдары колдоно ала турган, сапаттуу жана кызыктуу материал бердик.
Жаңылыктар түрмөгү
0