БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Жыл башынан бери беш айдын жыйынтыгы боюнча өлкө аймагында жол кырсыгынан 34 бала каза болуп, 622 бала түрдүү жаракат алганын ИИМдин Жол кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, беш айдын ичинде балдар катышкан 554 жол кырсыгы катталган.
"Жайдын келиши менен жол кыймылы күч алып жана окуучулардын каникулу башталгандыктан, балдар чоңдордун көзөмөлүсүз калат. Бул болсо балдардын катышуусундагы жол кырсыгынын көбөйүшүнө алып келет", — деп айтылат Жол кайгуул кызматы тараткан билдирүүдө.
Ошондой эле балдар көп чогулган жерлерде жана Ысык-Көлдөгү лагерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коопсуздук чаралары күчөтүлөт.
Жол кайгуул кызматы ата-энелерди балдарга жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөтүүгө убакыт аябоого чакырат. Себеби андан балдардын өмүрү жана ден соолугу көз каранды экенин эскертет.