БИШКЕК, 12-июнь — Sputnik. "Ата-Журт" парламенттик фракциясы жаңы лидер шайлаганын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирет.
11-март күнү парламент жыйынында "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Кантемир Мурзабеков Жылдызкан Жолдошева лидерликтен четтетилгенин маалымдаган. Жолдошева кабыл алынган чечим менен макул эместигин билдирип, кызматынан мыйзам чегинде – фракция жыйынындагы добуш берүүнүн негизинде гана кетерин айткан.
Маалыматта фракциянын кезектеги жыйынында ачык добуш берүүнүн натыйжасында лидерликке Дастан Жумабековдун шайланганы кабарланат.