00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБде өнөр жайды колдоо: Кыргызстандын компаниясы каржылык субсидия алды
11:34
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Штрафы, онлайн и новые продукты: как изменился страховой рынок КР за год
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын аскердик билим берүү системасы: бүгүнкү абал жана өнүгүү багыттары
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Жеке мектептерге лицензия эми толугу менен онлайн берилет — убакыт жана чыгым үнөмдөлөбү?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
6 мин
Туяк
Окумуштуу, дарыгер, академик: Санжарбек Данияровдун ишмердиги
17:07
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Спорттук психология — машыктыруучу менен спортчунун мамилеси кандай болушу керек?
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жеке мектептерге лицензия эми толугу менен онлайн берилет — убакыт жана чыгым үнөмдөлөбү?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кочкорлуктар төрт жылдан бери гречка өстүрүп келет

© flickr.com / Ervins StrauhmanisГречка. Архив
Гречка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы учурда Кочкор районунда үч фермер "Богатырь" деп аталган гречканын түрүн өстүрүп жатат. Гречка талааларынын жалпы аянты Кочкор району боюнча алты гектарды түзөт.

БИШКЕК, 12-июнь — Sputnik. Төрт жылдан бери Нарын облусунун Кочкор районунда гречканын "Богатырь" деген сорту ийгиликтүү өстүрүлүп жатканын Кочкор районунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Рахат Исраилов Sputnik сайтынын кабарчысы менен маегинде билдирди.

Айыл чарба. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Фермерлер ЕАЭБ үчүн мөмө-жемиштерди арбын өстүрүшү керек
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда гречканын "Минчанка", "Илия" жана "Лена" деген түрлөрүн айдоого жол берилген.

Исраиловдун айтымында, 2011-жылы гречканы аз гана санда өстүрүп көрүшкөн. Ал эми 2013-жылдан тартып фермерлер бул дан азыгын активдүү өстүрө баштаган.

Азыр Кочкор районунда үч фермер гречка өстүрөт. Алардын бирөө Теңдик айылында, калган экөө Талаа-Булак айыл өкмөтүндө. Район боюнча гречка талааларынын жалпы аянты алты гектарды түзөт.

"Жазында дыйкандар гречканын үрөнүн себет. Бир гектар жерге 200 килограммдай урук кетет. Өсүмдүктүн даны 90-100 күндө бышып жетилет. Жемиштүү болгон жылдары бир гектардан 25-40 центнер түшүм алынат", — дейт Исраилов.

Нарын облусунун аба ырайы гречка өстүрүүгө ыңгайлуу деп эсептейт ал. Гречканы арпа айдалуучу талаарга сепсе болот. Түшүмү комбайн менен жыйналат.

Исраилов гречканын "Богатырь" аттуу түрүү башкаларга караганда дандуу келе турганын белгилейт. Фермерлер түшүмдөрүн базарда сатышат. Анын сапатына нааразы болгондор жок деп кошумчалады ал.

"Сатык жагынан кыйынчылык жок. Келишим түзүп алышып, дүңүнөн алуучуларга сатышат. Кээде аскер бөлүктөрүнө да саткандары бар. Гречканын килограммы Нарындын базарларында 50 сом турат. Негизинен гречка Бишкекте жакшы сатылат", — дейт Исраилов.

Эксперт: Кыргызстандын ЕАЭБди сүт азыктары менен камсыздоого кудурети жетет
"Жалгыз гана маселе — Кочкор районунда тазалоочу техниканын жоктугу. Чогулган данды кабыгынан ажыратып тазалаганга атайын техника керек. Андай жабдуу Бишкекте жана Ысык-Көлдүн Ак-Суу айылында бар. Данды ташып барып, тазалатууга акча талап кылынат. Өткөн жылы фермерлер Ысык-Көл облусуна барууга аргасыз болушту", — деди ал.

Дыйкандар атайын долбоор жазып тийиштүү жабдуу сатып алууну ойлошкон. 

"Эгер атайын жабдыкты сатып алсак, бул фермерлердин ишин жеңилдетип, кызыккан адамдар да көбөйөт эле", — деп эсептейт ал.

Долбоорду 15 фермер иштеп чыгууда. Кызыккан тараптар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

"Азырынча долбоор боюнча ар бир маселени ойлонуудабыз. Мүмкүн 300 миң доллар турган жабдууну сатып алууга мамлекеттин жеңилдетилген насыясы зарыл чыгар. Жабдуу деп калибрлөө боюнча аспаптар, тазалоочу, кабыгынан ажыратуучу жана баштыктарга салып бекитүүчү жабдыктар эсептелет", — деди Исраилов.

Сатып алына турган техниканы Кочкор районунун борборуна орноштуруу каралууда. Келечекте продукцияны "Нарында өсүтүрүлгөн" деген марка менен чыгаруу пландалып жатат. 

Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев Sputnik сайтынын кабарчысына берген маегинде фермерлерге жеңилдетилген насыя алууну кеңеш кылды. 

"Насыя же лизинг алууга эмне тоскоолдук кылып жатат? Көпчүлүк балдар ошентип кымбат техника үчүн насыя алууда. Анын үстүнө азыр фермерлерди колдош үчүн жеңилдетилген насыялар 9 пайыз жылдык үстөк менен берилүүдө", — деп билдирди ал.

Кыргызстанда гречка чакан гана аянттарда: 2012-жылы 43 гектар, 2013-жылы 26 гектар жана 2014-жылы 23 гектар жерде айдалып, орточо түшүмү 14,3 ц/га, 9,7 ц/га жана 9,6 ц/га түзгөн. Аталган дан өсүмдүгү негизинен Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы "Заря" үрөн чарбачылыгында өстүрүлүп келген. Андан сырткары, 3-5 гектардан Нарын жана Чүй облустарында айдалчу. Бирок көбүнчө түшүмү аз эски сорттору эгилген. 2015-жылы гречка Талас облусунда да өстүрүлө баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0