БИШКЕК, 7-июнь — Sputnik. Июль айында Уфада өтө турган Шанхай кызматташтык отуруму Кыргызстан Бажы биримдигине кирердин жана ЕАЭБ толук кандуу институт катары түзүлөрдүн алдында өтө символикалык мааниге ээ экендигин Sputnik кабарчысына экономика маселелери боюнча эксперт Нургүл Акимова билдирди.
Акимованын пикиринде, ШКУ менен ЕАЭБ бири-бирин толуктайт. Мисалы, ШКУ Жибек Жолу экономикалык тилкенин алкагындагы долбоор менен бирге Борбордук Азия өлкөлөрүнүн транспорттук-логистикалык инфраструктурасын камсыз кылат.
"Бул улуттук кызыкчылыктар үчүн ишкердик аракеттерин жандандырууга өбөлгө болот. Улуу Жибек Жолунун экономикалык тилкеси аймактын экономикалык жагымдуу таасирин жана эртеңкиге богон ишеничин камсыз кылат. Азыр бул мидетти өзүнө мурдатан калыптанып калган ЖККУ институт өзүнө алган", — деди эксперт.
Ал ЕАЭБге кирген өлкөлөр биргелешкен тышкы сооданы, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу эрежелерин, эмгек жана капиталдар рыногун жөнгө салуу аракеттерин өз ара шайкештетүүлөрү өтө зарыл деп эсептейт.
"Кыргызстан үчүн ЕАЭБ экономика секторлорунда ири долбоорлорду баштоочунун ролун ойнойт. Бул биринчи кезекте энергетикага жана айыл чарбасына тиешелүү", — деп эсептейт Акимова.
Анын пикиринде, ШКУ координатордук милетти өзүнө алып, жалпы транспорттук-логистикалык рыноктун өнүгүсүнө колдоо көрсөтө алмак.
"Транспорт байланыштарын жаңыртуу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара сооданы күчөтүп, инвестициялык жагымдуулугун арттырат. Ошондой эле АӨР, ПРООН ж.б. үндөш максаттарды көдөөчү эл аралк башка институттар менен өз ара аракеттешүүлөрдү да өнүктүрүү чоң мааниге ээ болот", — деп баса белгилейт экономист.
Быйыл ШКУда Россия төрагалык кылууда.