БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Нумизматтар үчүн жыл сайын өтүүчү аукционго Кыргызстандык Улуттук банкы коллекциялык монеталар менен катар иреттик "алтын" номерлүү куймаларды да алып чыга турганын Sputnik кабарчысына накталай акча башкармалыгынын кассалык операциялар бөлүмүнүн башкы экономисти Салтанат Аубакирова билдирди.
"19-май күнү аукционго Улуттук банк сатууну токтоткон монеталардын чектелүү саны алынып чыгат", — деди адис.
Буга байланыштуу ички жана эл аралык нумизматтык рынокто алардын наркы жана раритеттүүлүгү көтөрүлө тургандыгын белгиледи ал.
"Баштапкы баасы 25 миң сом турган бир "Ош-3000" алтын монета жана баштапкы баасы 5 сомдук Proof 925-үлгүдөгү тогуз күмүш монета лот болот", — деди Аубакирова.
Экономист аукционго биринчи жолу уникалдуу иреттик номерлери бар алтын куймалар коюла турганын белгиледи.
"00111 жана 0111 "алтын" номерлүү бир граммдан жүз граммга чейинки салмактагы алтын куймалар коллекциячыларды сөзсүз кызыктырат", — деп баса белгиледи ал.
Коллекциячылар менен нумизматтардын суроо-талаптарын канааттандыруу максатында Улуттук банктын жетекчилиги улуттук акчанын киргизилген күнүнө карата алтын жана күмүш монеталарды сатуу боюнча ар жылкы аукцион өткөрүүнү чечти. Мындай аукцион биринчи жолу 2007-жылы өткөрүлүп, ошондон бери 2010-жылдан башка бардык жылдары уюштурулуп келет. Жергиликтүү нумизамттардан тышкары, коңшулаш мамлекеттерден жана КМШ өлкөлөрүнөн, Европадан да колекциячылар келишет деп белгиледи Аубакирова.
Ал коллекциялык монеталарды чыгаруунун максаты КРди дүйнөгө таанытуу, маданий-агартуучулук багытта пропагандалоо болуп эсептелерин айтты. Аларды чыгаруу тарыхык күндөргө жана окуяларга арналат.
"Коллекциялык монеталарга 1ден 3 миңге чейинки күмүш жана 1 миңге чейинки алтын монеталар кирет", — деп кошумчалады адис.
Эң биринчи чыгарылган коллекциялык монета болуп 1995-жылкы "Манас-1000" монетасы эсептелет. Ал "Манас" эпосунун юбилейине арналганын белгиледи Аубакирова.
Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата да монета чыгарылып, ага карата суроо-талаптын көп болгондуктан, аны сатуу аяктады. Ошондуктан эмки жылы ал Чынгыз Айтматовго арналган монеталар менен катар аукционго алынып чыгат.
"Ошондой эле тарыхый баалуулукка ээ кол тийбес запас бар. Ал сатылбайт", — дейт адис.
Бардыгы болуп 1995-жылдан бери коллекциялык монеталардын 51 түрү чыгарылып, алардын 10у жез-никель, бири мельхиор, үчөө алтын жана 37си күмүш металлдарынан турат. Бир коллекциялык монетаны долбоорлоп чыгарууга бир жылдан төрт жылга чейин убакыт кетет. Алар монета чыгаруучу ар түрдүү ишканаларда, анын ичинде Россияда, Польшада, Казакстанда жана Литвада даярдалат.