БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Ата-энелердин камкордугунан ажырап, кароосуз калган балдарга чек арачылар фортепиано тапшырганын КР Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Чек ара кызматынын аскерлери жана "Вместе расти" коомдук фонду балдардын интернат-мектебине Улуу Жеңиштин урматына белек беришти.
Белек тапшырып жатып чек арачылар музыка менен алектенүү балдардын таланттарын ачууга жардам берип, жакшы билим алуусуна шарт түзөт деп ишенеээрин билдиришти.