Кондуктор Карачач Касымова: биз үчөөбүз эле калдык

© Sputnik / Табылды КадырбековКарачач Касымова. Архивное фото
Карачач Касымова. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пенсионер жана 2-топтогу майып, кичинекей жети небересин багуучу Карачач Касымова кондуктор болуп иштейт. Ал жакында бул кесип Кыргызстанда жоголуп кете турганы жөнүндө ой бөлүштү.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бишкекте кондукторлук кесип дээрлик жоюлду деди Sputnik кабарчысы менен маегинде борбор калаанын 4-троллейбусунда кондуктор болуп иштөөчү пенсионер Карачач Касымова. 

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын борборунда болгону үч кондуктор калган, ал эми он жыл мурун алардын саны 75 болчу. 

— Кондуктор болуп иштегениңизге канча болду? 

— 10 жылдан бери иштейм. Мурда совет мезгилинде "Юбилейный" дүкөнүндө улуу сатуучу болуп иштегем. Анан дүкөндү сатып жиберишти. Бир жолу троллейбус паркынын жанынан өтүп баратсам, кондуктор керек деген жарыя илинип туруптур. Мен кирсем, жумушка алышты. Ошентип иштеп калдым. 

— Жүргүнчүлөр сизге кандай карашат? Жаштардын көпчүлүгү кондуктор ким экенин деле билишпесе керек? 

— Троллейбуста кондуктор болгону элге жагат. Алар менден: "Сиз эмнеге жалгыз иштейсиз? Эмнеге башка кондукторлор жок?" деп сурашат. Мен азыр кондукторлор талап кылынбай калганын айтам. 10 жыл мурда 75 кондуктор иштечү. Анан 45и калды. Өткөн жылы эле 6 кондуктор бар болчу. Быйыл үчөөбүз эле калдык. Кыязы, акырындап бул кесип жок болуп кетет окшойт. 

— Кондуктор болуп иштеген канчалык кыйын? 

— Биз таңкы саат үч жарымда турабыз. Төрттө "дежурка" келип алып кетет. Төрт жарымда ишке чыгабыз. Жаштарга мындай иш жакпайт. Маянасы аз. Анан калса, алар уктап, уйкуларын кандыршы керек. Биз болсо көнүп калганбыз. Мага бул иш жагат. 

— Азыр кондуктордун милдети мурдагыдай элеби? Же бул жылдары өзгөрүүлөр болдубу? 

— Баары мурдагыдай эле. Жүргүнчүлөр киргенде мен: "Жол киреңерди камдагыла" дейм. Пенсионерлер, майыптар көп кирет. Аларга орун таап берип отургузабыз. Жаштар орун бербей койгон учур көп болот. Аларга: "Атага, апага орун бер" дейбиз. Троллейбуста тартипке көз салабыз. 

Бир айланышыбыз бир саат жыйырма мүнөткө созулат. Ошонун ичинде биз белгиленген 500 сомдук ченемди аткарышыбыз керек. Бир сменада мен 2600 сом тапшырам. 

— Азыр кондуктордун айлык акчасы канча, билсе болобу? 

— Болот. 5 миң сом. Бизге сааттар жана сыйлык кошулат. Бардыгы болуп колубузга жети-сегиз миң алабыз. Пенсиямды кошкондо мага жана неберелериме жетет. 

— Неберелериңизди багасызбы? 

Айлык акы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айрым кесип ээлеринин айлык акысы 1-апрелден баштап жогорулайт
— Жакында ортончу уулум каза болуп калды. Менингит менен ооруган. Ал өлгөндөн кийин, келиним кайра турмушка чыгып кетти. Үч неберем болсо менин колумда калды. Ага чейин дагы төртөөнү багып жаткам. Алар мурдараак каза болгон улуу уулумдун балдары. Менин неберлеримдин көптүгү ошондон. Кызым болсо күйөөсү менен ажырашып, акча тапканы кеткен. 

Карачач Касымова 60 жашта. Өткөн жылы ортончу уулу көз жумгандан кийин өзү инсультка кабылып, 2-топтогу майып болуп калган. Азыр өзү багып жаткан жети небересинин эң улуусу 7-класста окуйт. Дээрлик күн сайын ал ишке чыгыш үчүн Токмоктон Бишкекке келет. Кечинде болсо автобекеттен кайра неберелерине жөнөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0