БИШКЕК, 25 мар — Sputnik. Чек ара аймагындагы кызматташтык ассоциациясынын стратегиялык пландоо кызматынын жетекчиси Александр Собянин Кыргызстанда кең колеялуу "евразиялык" темир жолду куруу Евразиялык континенттеги интеграциялык процесстин эң манилүү фактору болот деп эсептейт.
— Кыргызстан ЕАЭБга кирип жатат жана ушуга байланыштуу саясий, экономикалык жана аскер тармактарында көп өзгөрүүлөр күтүлүүдө. КР менен Кытайдын ортосунда темир жолду куруу аймактагы абалга кандай таасир кылат?
— Бүгүнкү күндө Борбордук Азиянын коопсуздук тармагындагы курч сыноолор экономика менен тыгыз байланышкан. Экономикалык баш аламандык чынында согушка алып келе турган көрүнүш, жана анын акырында тирешип жаткан өлкөлөрдүн экономикалары кыйрого учурайт.
Эми Кыргызстанды калкынын саны жагынан тең келүүчү Россиянын Свердловск областына салыштырып көрөлү: аталган областтын аймактык дүң өндүрүмү 2012-жылы 46 миллиард долларды түзгөн, ал эми болгону Кыргызстандыкы болсо ошол эле жылы 6,5 миллиард доллага жеткен. Демек калкынын саны дээрлик бирдей болгон шартта областтын ИДӨ өлкөнүкүнөн бир нече эсе көп. Бул Кыргызстандын экономикасы иштебей жатат жана, эгер ал чоң экономикага кошулбаса, кеңири иштей албайт дегенди билдирет. Мындан жалпы кызматташтык зарылчылыгы келип чыгат. КРдин ЕАЭБга кириши өлкө өз экономикасын өнүктүрүү багытын тандап алгандыгын айкын көрсөтүп турат.
Белгилей турган нерсе, коопсуздук жана экономикалык тутуму жалпы болгон шартта Россия да башка мамлекеттерден катуу көз каранды болот. Жана мындай өз ара байланыш Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүгө байланыштуу өлкөнүн эгемендүүлүгүн жоготуп коёт деген бардык кооптонууларды жокко чыгарат.
Экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн тарнспорттук байланыштар талап кылынат жана Кытайга карай темир жол Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү. Стратегиялык жолду түзүүгө биринчи кезекте КР кызыгат, бирок бул долбоор боюнча ал КЭР менен РФтин кимисин өнөктөш кылып тандай турганы маанигэ ээ.
Темир жолду бир нече варианты бар. Алардын башкылары тар колеялуу европалык жана кең колеялуу түрлөрү. Дагы түрдүү областтардын аймагы аркылуу өтүүчү варианттары да бар.
15 жылдан ашык убакыт бою мен илимий, аналитикалык жана экспертитк чөйрөлөрдө ар түрдүү темир жана авто жол долбоорлору боюнча билдирүүлөрдү жасап, басма сөздөрдө жазып жүрөм. Баары бир эртедир-кеч Кыргызстан аркылуу эки темир жол тең курулат. Бирок кайсы магистраль биринчи курула тургандыгы чоң мааниге ээ.
Эгер 1 миң 520 миллиметрлик "евразиялык" кең колеялуу Кыргызстан аркылуу Сибирден Фергана өрөөнүн көздөй, андан ары Оштон Тажикстан менен Өзбекстанга карай ажырап кетүүчү ЧФТЖ —Чүй — Фергана темир жолу биринчи курула турган болсо, демек КР евразиялык интеграциялык долбоордун алкагында өнүккөн болот жана бул ЕАЭБда кызматташтыктын жаңы деңгээлин түзөт.
Ал эми биринчи 1 миң 435 миллиметрлик "европалык жана кытай" тар колеялуу ККӨТЖ — кытай-кыргыз-өзбек темир жолу курула турган болсо, анда КР эртедир-кеч Россия жана Казакстан менен жалпы келечекти пландоодон баш тартып, тез эле кытай экономикалык интеграциялык долбоорго багыт алып калат.
Украин окуяларын эске алганда, бүгүн РФ Евразиялык экономикалык биримдиктен сыркары, башка бир чоң жаңы нерсени демилгелебейт. Бирок казак, кыргыз жана тажик добуштары бир эле өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, бир өлкөнүн атынан жалпы кызыкчылык үчүн угула турган демилгелер пайда болсо ал дайыма колдойт. Украин окуялары Борбордук Азиядагы ар бир өлкө өз демилгелери үчүн акчалай, курал-жарак, кадрлык жана индустриялык өнүгөө программалары жагынан болушунча колдоо ала турган мезгил деп түз айтууга болот. Азыр эң башкысы, аймактын бардык өлкөлөрүнүн жалпы экономикасы жана бирдиктүү коргонуу системасы зарыл экендигин түшүнүү болуп эсептелет.
Бул экономикалык олуттуу долбоор менен дагы бир башка долбоор — Кыргызстандын түштүк борборунда россиялык аскер базасын түзүү тыгыз байланышта болот. Себеби темир жол сыяктуу мындай чоң милдет алдыга коюлганда, аймактагы копосуздукту бекемдөө зарылчылыгы да туулат эмеспи. Анын үстүнө акыркы кездерде ар түрдүү коопчулуктар мене сыноолор улам коркунучтуу мүнөзгө ээ болуп бара жатат.
Мындай объектти Россиянын президентинин чет элдик мамлекеттер менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Модест Колеровдун колдоосу менен 2005-жылы май айында президент Курманбек Бакиев жасоого аракет кылып, бирок ишке ашыра алган эмес. Азыр муну Кыргызстандын башчысы Алмазбек Атамбаев менен россиялык лидер Владимир Путин жасай алат.
Ошондуктан чөлкөмдөгү коопсуздук да КРдин экономикасы үчүн өтө олуттуу темир жолдун тандап алынган түрүнөн түз көз каранды болот.