БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. 24-25-мартта аба ырайы кескин өзгөрүлүп, нөшөрлөп жааган жаан карга айланышы ыктымалдыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы +3…+8 градуска чейин төмөндөйт. Ал эми тоолуу райондордо түнкүсүн 18 градуска чейин суук болушу күтүлөт.
Аба ырайынын кескин өзгөрүүсү жаңы гүлдөгөн мөмөлүү дарактарга терс таасир бериши мүмкүн.
Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоо жайыттарда малды кармоону кыйындатат.