Эл аралык XIII "Тил жана маданият" фестивалы аяктады

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный фестиваль "Тил жана маданият".
Международный фестиваль Тил жана маданият. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалга 17 мамлекеттен өкүлдөр келип, өз өнөрлөрүн тартуулашты.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү Бишкекте өткөн Эл аралык XIII тил жана маданият фестивалынын гала концерти болду. Бул фестивалга 17 мамлекеттен келген өкүлдөр өнөрлөрүн тартуулап, эне тилиндегы чыгармаларды аткарышты. 

Фестивалдын алкагында Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайынын алдында тамак-аш көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле, келген конокторго кыргыздын кыз узатуу, бешикке салуу сыяктуу каада-салттары көрсөтүлүп, ал үчүн атайын боз үйлөр да тигилди.

Майрамдык иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн өкүлдөрү, шаар тургундары жана коноктор катышты.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров, тилдин маанилүүгүн белгилеп, маданий байланыштар аркылуу элдердин достугу, ынтымагы чыңдала турганын белгиледи.

"Маданий байланыштар аркылуу элдердин достугу, ынтымак чыңдалат. Мындай иш-чараны уюштургандарга өзүмдүн жана Жогорку Кеңештин атынан ыраазычылык билдирем", — деди спикердин орун басары Зулпукаров. 

Эл аралык "Себат" билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инанды тил жана маданият фестивалы "Көчмөндөр оюнунан" кийин уюштурулган маанилүү маданий иш-чара экенин айтты.

"Кыргызстандык жаштардын билим жаатында жетишкен ийгиликтерин башкаларга да даңазалайлы деген ой болгон. Ошондой эле, чет мамлекеттен келген окуучуларга Кыргызстандын кооз жерлерин көрсөтүп, маданий жактан достугубузду чыңдайлы дедик", — деген пикирин билдирди ал.

Бул маданий иш-чарага катышуу үчүн Бишкек шаарына Түркия, Казакстан, Индонезия, Филиппиндер, Таиланд, Индия, Мозамбик, Румыния, Тажикстан, Танзания, Белоруссия, Азербайжан, Грузия, Америка, Косово, Россия жана Украинадан өкүлдөр келишти. 

© Sputnik / Табылды КадырбековВо Дворце спорта имени Кожомкула состоялся фестиваль "Тил жана маданият".
Эл аралык Тил жана маданият фестивалы Бишкек шаарындагы спорт сарайында өттү. - Sputnik Кыргызстан
1/5
Во Дворце спорта имени Кожомкула состоялся фестиваль "Тил жана маданият".
© Sputnik / Табылды КадырбековВо Дворце спорта имени Кожомкула состоялся фестиваль "Тил жана маданият".
2/5
Во Дворце спорта имени Кожомкула состоялся фестиваль "Тил жана маданият".
© Sputnik / Табылды КадырбековПродажа национальных сувениров.
Колго жасалган буюмдар келген коноктордун назарына сунушталды. - Sputnik Кыргызстан
3/5
Продажа национальных сувениров.
© Фото / СебатВ концертном зале Дворца спорта имени Кожомкула прошел концерт.
4/5
В концертном зале Дворца спорта имени Кожомкула прошел концерт.
© Фото / СебатИностранная певица.
5/5
Иностранная певица.
1/5
Во Дворце спорта имени Кожомкула состоялся фестиваль "Тил жана маданият".
2/5
Во Дворце спорта имени Кожомкула состоялся фестиваль "Тил жана маданият".
3/5
Продажа национальных сувениров.
4/5
В концертном зале Дворца спорта имени Кожомкула прошел концерт.
5/5
Иностранная певица.

Иш-чараны уюштуруучулардын бири Нурлан Кудайбердиевдин айтымында, бүгүн, чет жактан келген коноктор тарыхый жайлар болгон Бурана, Ата-Бейитке барып, эртеңден баштап өз өлкөлөрүнө кайтып башташат.

Эл аралык XIII тил жана маданият фестивалы КР Маданият, маалымат жана туризм, Билим берүү жана илим министрликтери жана Эл аралык "Себат" билим берүү мекемеси менен биргеликте уюштурулду. 

Эл аралык "Тил жана маданият" фестивалы расмий жана жарандык коомчулуктун колдоосу менен 2006-жылдан дүйнөнүн бир нече мамлекеттеринде уюштурулуп келет. Фестивалдын максаты — дүйнө элдеринин ортосундагы достук жана бир туугандык мамилердин бекемделишин чыңдоо.

Жаңылыктар түрмөгү
0