БИШКЕК, 20-фев — Sputnik. "Улутту адеп-ахлакка тарбиялоодо ата-энелерди сабаттуулукка үйрөтүү же агартуу негизги фактор болуп эсептелет. Аларга баланын жаш-курагына байланышкан өзгөчөлүктөрүн окутуп, кайсы убакта кандайча мамиле кылууга үйрөтүү керек", — деп айтып берди Sputnik кабарчысына "Бала укугун коргоочулардын лигасы" коомдук фондунун эксперт-психологу Перизат Асылбаева.
Ата-энелер өз каалоосу менен балалуу болсо да, бала алардын менчиги эмес экенин түшүнүүсү зарыл деп эсептейт адис.
"Эгер биз өзүнө өзү канааттанган жана жеке көз карашка ээ эркин балдарды өстүргүбүз келсе, алардын адамдык кадыр-баркын урматташыбыз керек. Балдарга сый мамиле кылганда гана, алар да башкаларды ошондой сыйлашат. Алар өзүнө карата болгон мамилени башкаларга кайталап көрсөтөт да. Сөзсүз ата-энелер менен иштеш керек, себеби зомбулуктун бир канча түрү бар экенин көпчүлүгү билбейт. Алар зомбулук жыныстык жактан же денелик гана болот деп ойлошот. Ал эми күн сайын кемсинтүү, көзгө илбөө, алардын муктаждыктары менен эсептешпөө да зомбулук болуп эсептелет", — деп түшүндүрдү эксперт.
Балдардын өз суроо-тараптары, муктаждыктары бар, бирок көпчүлүк ата-энелер буга көңүл бурбайт дейт ал. Мисалы, жакшы билим алууга, медициналык жардам алууга карата укугу. Ата-энелерге баланын жаш-курагына, психологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша тарбия берүү керек.
"Үч жашар бала өжөрлөнүп "Мен өзүм" дей баштаганда анын биринчи жолу "мен" деген жеке сезими ойгонот. Ал апасынан бөлүнүп өз алдынча боло баштаганын түшүнөт жана көз карандысыздыгын көрсөткүсү келет. Ата-эне анын психологиялык абалын билбестен, урушуп, ал тургай, кол көтөрө баштайт. Апасы: "Эми шымыңды үч саат киесиң, өзүм эле кийгизем" дейт, шаштырып, жулкулдата баштайт. Ушул маалда апасы баланын дүйнөгө көз карашын кыйратат. Бала бир нерсеге күч менен эле жетсе болот экен деп ойлой баштайт", — деди Асылбаева.
Зомбулук кандай кесепеттерге алып келерин, балдар андан эмне болорун жана келечекте аларды эмне күтүп турганын ата-энелерге сөзсүз түшүндүрүү зарыл деп эсептейт психолог.
"Кыргызстанда болгон ошол эле ынкылаптар буга далил. Биздин ичибизде биринчи таарыныч, өзүбүзгө жана жашообузга канааттанбагандык топтолуп, тынчсыздануу жана агрессия күч ала баштайт, анан күтпөгөн жерден ал тышка чыгат. Агрессия эч жакка кетпейт да, ал ичибизде топтоло берет. Ошон үчүн баланы кичине кезинен өз оюн жана сезимдерин чыр-чатаксыз билдирүүгө үйрөтүү керек", — деп кошумчалады Асылбаева.
Балаӊызды уурдатып жиберүүдөн кантип сактануу жөнүндө Sputnik инфографикасынан караӊыз >>