БИШКЕК, 17-фев — Sputnik. "Балдарга карата зомбулуктун күчөшүн мамлекетибиздеги көп жылдык баалуулуктардын жоголгондугу менен жана жаңы баалулуктардын калыптанбай жатканы менен байланыштырам", — деген пикирин Балдарга жардам берүү борборунун психологу Снежанна Салтанова биздин кабарчыга билдирди.
Анын айтымында, балдарга карата жасалган мамиле көпчүлүк элдерде ар түрдүү.
"Улуулар балдарга тең мамиле жасашпайт. Бала болгондон кийин ал элпек, улуулардын айткандарын аткарып, ата-энесин сыйлашы керек дешет. Чоңдорго жасай албаган аракеттерди балдарга карата жасаса болот деген ой калыптанып калган. Балдарга кордук көрсөткөндөн кийин аны коркутуп койсо болот, алар кичинекей болгондуктан бардыгын унутуп калат деп ойлошот", — дейт ал.
Салтанова ошондой эле, көпчүлүк мамлекеттерде моралдык баалуулуктар бир заматта бузулганын белгиледи.
"Бир убактарда элдин динге болгон ишенимине тыюу салынган. Кийин кайтадан уруксат беришти. Бирок, динге болгон ишеним башкача формада болуп кетти. Дин тийиштүү ритуалдарды кармамайынча өзүнүн маанилүүлүгүн жоготот. Азыр эл түшүнүп-түшүнбөй эле динге ишенип атам деп ойлоп атат", — деди ал.
15-февралда эки баласын өз колу менен өлтүргөн эненин окуясына түшүндүрмө берген психолог окуянын чыгышына "балдарды коргоо органдарынын иши координацияланбагандыгы" себеп болгонун баса белгиледи.
"Эгер ЖМКга чыккан маалыматтарга ишене турган болсок, милиция маркум балдардын энесинин ооруй турганын билчү. Анда эмнеге бул тууралуу социалдык кызматтын кызматкерлери билишкен жок? Акыл-эси жагынан жапа тарткан ата-энелерди сөзсүз түрдө эле укугунан ажыратуу кажет эмес. Жөн гана медиктер менен социалдык кызматтар иштеши керек болчу. Социалдык кызматкерлер укук коргоо органдарынын биринчи эле берген маалыматтарына маани бериши кажет эле. Бул аял мугалим болуп иштеген мектептин директорун да күнөөлөгөнгө болбойт. Адамдын психологиялык саламаттыгы жөнүндөгү документ бир гана соттун талабы менен берилет",— деди ал.
Ал ошондой эле, балдарга карата зомбулуктун күчөшүн – аракечтикке, адамдардын мыйзамдарга болгон кайдыгер мамилесине, "Кыргызстанда кылмыш жасаган адам, оңой эле кутулуп кетет" деген түшүнүк калыптанып калганына байланыштырды.