Бишкек, 19-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сисиге "Ислам мамлекети" террористтик топтун жоочулары тарабынан египеттик жарандардын өлтүрүлгөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты.
"Кыргызстан терроризмдин бардык көрүнүштөрүн чечкиндүү түрдө айыптайт. Терроризмдин ар кандай актылары кылмыш болгондуктан, ал иштерди эч качан актоого болбойт", — деп айтылат мамлекет башчысынын көңүл айтуусунда.
Атамбаев каза болгондордун туугандарына жана жакындарына, ошондой эле Египеттин жалпы элине оор жоготууга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты.
"Исламское государство"
"Исламское государство"