АКШнын Мамлекеттик департаменти: Украинада элдешүү ишке ашуусуна убакыт керек

© AFP / PAUL J. RICHARDS Здание Госдепартамента в США. Архивное фото
Здание Госдепартамента в США. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын мамлекттик департаментинин өкүлү Жен Псаки Украинада кырдаалды жөнгө салуу боюча Минск макулдашууларынын аткарылышына убакыт берүү керек деп билдирди.

БИШКЕК, 19-фев — Sputnik. Украинада кырдаалды жөнгө салуу боюча Минск макулдашууларынын аткарылышына убакыт берүү керек деди журналисттерге АКШнын мамлекттик департаментинин өкүлү Жен Псаки.

"Биз бул макулдашуунун ишке ашырылышын колдоого мурдагыдай эле көңүл буруудабыз. Дебальцеводо жана Донецк, Луганск областарынын айрым жерлеринде биз көргөн зомбулуктар тынчсыздандырат", — деди Псаки.

"Сокку уруулар бир катар райондордо ЕККУ ырастагандай эле кыскаргандыгын көрдүк. Ошондой эле Донецк, Луганск областарынын айрым жерлеринде оор куралдар алыстатылганын да көрдүк. Биздин оюбузча, макулдашуунун аткарылышына убакыт бериш керек", — деп белгиледи ал.

Жаңы санкциялар жана курал-жарак берүү жөнүндө суроого Псаки: "Бул белгилүү бир деңгээлдеги тартип бузуу жана зомбулук болот, бирок макулдашуунун ишке ашырылышына тоскоол боло турган кадамдарды жасоо туура эмес деп ойлойбуз", — деп жооп берди.

Минсктеги сүйлөшүүлөрдө эмнелер жөнүндө макулдашылды

Украина боюнча сүйлөшүүлөрдө Минсктин ролу өтө жогору деп эсептейт эксперт
"Нормандия төртилигинин" 12-февралдагы сүйлөшүүлөрү Донбасста кырдаалдын кескин курчуп кеткен шартында өттү. Мындай абал өз күчүн көбөйтүү менен ыктыярчылардын орун алган жерлерине чабуул коё баштаган украин күчтөрүнүн аракеттеринен болду. Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча Россия, Украина, Франция жана Германия өлкөлөрүнүн лидерлери бир катар чараларды көрүү, анын ичинде 15-февралдан тартып Донбасста ок атууларды токтотуу, оор куралдарды бири-биринен алыс алып кетүү жана коопсуз тилкесин түзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

Минск макулдашуулары кандай аткарылууда

Жарыяланган ок атууларды токтотуу чырдашып жаткан тараптар менен байкоочулардын билдирүүлөрү боюнча Дебальцеводон сырткаркы тирешүү тилкесин бойлой бардык жерде сакталууда. Ыктыярчылардын баасы боюнча, аталган шаардын жанында курчоодо Украинанын үч миңден ашуун күч жоокерелери калган. Бирок Киевде бул фактты моюнга алышкан жок. Украинанын ири жол түйүндөрүнүн бири болуп эсептелген Дебальцеводо акыркы күндөрү ыктыярчылар менен күч топторунун куралдуу кагышуулары жүрүп турду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0