БИШКЕК, 15-янв — Sputnik. Мунайзат тармагындагы серепчилер мунайдын баасы эң төмөн чегине жеткендигин, ошол эле учурда дүйнөдө мунайдын баасы жогорулап бара жаткан жаңы рыноктун жаралышын айтууда деп жазат Barron's Япониянын Nomura Securities эң ири компанияларынын бирине таянуу менен. Бул тууралуу РИА Новости билдирет.
Nomura Securities компаниясынын пикиринде, үстүдөгү жылдын башында бир баррель мунайдын баасы 45 доллар болот, ал эми II кварталда ал орто эсеп менен 10 долларга көтөрүлүп, жылдын аягында болсо, 80 доллардын чегине келип токтойт.
Мунайзат рыногу андагы баанын төмөндөшү суроо-талаптын төмөндүгүнө байланыштуу болгондо олуттуу кыйынчылыктарга туш келет. Бирок азыр баа "убактылуу баа күрөшүнүн" себебинен түшүп жатат. Бул согушту Сауд Аравиясы суроо-талап азайгандан баштаган жок, себеби мунайды пайдалануу дүйнөдө мурда болуп көрбөгөндөй жогору деп жазат басылма Nomura Securitiesтин талдоочуларына таянуу менен.
Ошону менен бирге америкалык мунай өндүрүүчүлөрү баанын түшүүсүнүн кесепеттерин өз башынан өткөрүүгө үлгүрүштү: январдын башынан тартып АКШда бургалоочу курулуштардын саны олуттуу кыскарды, компаниялар өз штаттары менен 2015-жылга карата бюджеттерин кыскарта баштады деп белгилейт басылма.
Америкалык өндүрүүчүлөр утулуп бара жатат деген пикирди Motley Fool каржы компаниясынын серепчиси Тревис Хоиум да CNN үчүн жазган макаласында билдирет. Анын ою боюнча, америкалык мунайзат ишканалары ким менен: трейдерлер мененби, ОПЕК өлкөлөрү мененби, Россия же башка бир рынок күчү мененби — күрөшүп жаткандыгы белгисиз. Соодалардын жүрүшүндө WTI фьючерстери бир баррель үчүн 45 доллардан төмөн, ал эми Brent 50 төмөн сатылып жатканына караганда, АКШ утулууда.