Улуттук банктын төрагасынын кеңешчиси Заир Чокоев Кыргызстанда акча алмаштыруу жайларын эмне үчүн жабуу керектигин жана өлкөнүн каржы системасына болгон кайдыгер мамиле эмнелерге алып келерин айтып берди.
— Азыр КРде акча алмаштыруучу канча жай иштеп жатат? Улуттук банк бардык жайларды, анын ичинде каттоодон өтпөгөндөрдү эсепке алабы?
— Акча алмаштыруу жайларын текшерүүдө Улуттук банк кандай мыйзам бузууларды баарынан көп аныктайт?
— Бир жылда бардыгы болуп 1 миң 280 текшерүү болду. Жана биз иш-аракет жүргүзүүгө лицензиясы жок иштегендерге, ошондой эле бул ишкердик менен алектенген адамдар ким жана канча экендигин аныктоодогу кыйынчылыктарга баарынан көп туш болдук. Улуттук банк укук коргоо органы эмес, ошон үчүн биз бюрого келгенде баары зарыл талаптарга жооп бере тургандыгын көрүп, лицензияларын көрсөтүүнү талап кылабыз. Көп учурда ал жок болуп чыгат. Лицензиясыз аракеттерди ким жүргүзүп жатканын да билгибиз келет. Бирок алардын ким экендигин тастыктай турган документтерди талап кылууга акыбыз жок. Бул маселени өзүбүз жөнгө салууга аракет кылып көргөнбүз, бирок бул ишке укук коргоо органдарын тартуу керектигин түшүнүп, бир жыл мурун алар менен бирге иштөөнү чечтик. Натыйжада элдер бизге лицензия алууга келе баштады. Биз алардын ишин тартып алалы деген жерибиз жок, болгону баары мыйзамдуу иш-аракет кылса дейбиз жана эч кандай бут тозууларды жасабайбыз деп түшүндүрөбүз. Мыйзам бузуучулар коррупциядан коркуп бизге лицензия алууга кайрылбаган учурларга кезиктик. Биз аларга андай болбой тургандыгын, эгер ошондой фактка туш келсе, Улуттук банктын жетекчилигине кайрыла алышарын түшүндүрөбүз. Пара сураган кызматкерлерди биз өзүбүз жазалайбыз.
— Улуттук банк акча алмаштыруу жайларында "агартылышы" мүмкүн болгон көмүскө кирешелерди эсептей алдыбы?
Акча алмаштыруу жайларында бир күндө көп сандагы майда операциялар жүрүп, алар бир топ орчундуу киреше берет. Миллиондогон долларлык операцияларды жүргүзө ала турган жайлар бар. Алардын эң ирилери Моссоветте, "Дордой" жана "Кара-Суу" базарларында жайгашкан. Отчёттуулуктун туура эмес түзүлүшүнөн биз көмүскө кирешени санай албайбыз.
— Мындай маселенин себеби эмнеде?
— Акча алмаштыруу жайына туш болгондордун баары ал жерлерде кандай эл иштей турганын көргөн да. Дал ошолор кыйынчылыктарды жаратат. Эсепти кыйын эле билишет, отчёт түзгөнгө келгенде эле маселе башталат. Отчёт түзгөн канчалык оор экенин түшүнөбүз, бирок ошентсе да ал зарыл нерсе. Андан ары иш жеңилирээк болуш үчүн бул маселеде Улуттук банктын инспекторлору да жардам беришет. Жана мен бул жалгыз себеп экенине ишенгим келет. Акча алмаштыруу жайларынын ээлери алардын иши үчүн лицензия керек экенин, өз иши боюнча сөзсүз отчёт берүү керектигин билбеген учурлар да болот.
— Декабрда валюта рыногунда болгон жагдай акча алмаштыруу жайларынын, калктын жана Улуттук банктын ортосундагы өз ара мамилелер канчалык татаал экендигин көрсөттү. Акча алмаштыруу жайларын жабуу жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелөө коммерциялык банктардын кызыкчылыктарын коргогондук эмеспи?
Коммерциялык банктар — отчёттуулук жагына эң ачык мекемелер, жана алар аталган милдетти толук өз колуна алуулары керек. Айрымдары бул идеяны эч шыктануусуз кабыл алды, себеби алар өз кардарын табуу үчүн көп күч-аракет жумшоолору керек болот. Мында эч бир банктын кызыкчылыгы үчүн акча алмаштыруу жайларын жабуу жөнүндө мыйзам долбоору демилгеленген жок.
— Акча алмаштыруу жайларын жабуудан көп сандагы адамдар ишсиз калары тууралуу оюңуз кандай?
— Мына, акча алмаштыруучулардын "Альянс" деп аталган ассоциациясы алардын ишкердигинин жоюлушунан 100 миң адам жабыр тартат деп жатат. Бирок эмне үчүн бир нече миң адамдын мыйзамсыз иш-аракетинен калган 5 миллион адам жабыр тартышы керек? Алардын иш-аракетинен КРдин өзгөрүүлөргө анча туруштук бере албай турган каржы системасы зыянга учуроодо. Ири валюта алмаштыруучу жайлардын өкмөттө олуттуу колдоочулары бар, бул аларга пайдасыз экендигин түшүнөт. Ошон үчүн азыр ушундай катуу сүйлөп жатышат.
Мыйзам долбоору талкууланууда, жана ага карата мамилелер бир жактуу эместигин түшүнөбүз. Бирок биз анын түзүлүшүнө кызыгабыз. Бул тема Улуттук банк үчүн баары бир эмес экендигин жана ал валюта рыногундагы ачык-айкындык үчүн күрөшүүгө даяр экендигин азыр түшүндүрүү керек.
— Валюталык иш-аракеттерди лицензиясыз жүргүзгөндөр үчүн кандай жаза колдонулат?
— Азыр Кыргызстандын Административдик кодексине ылайык, күлкүнү келтирерлик айыптар каралган. Мыйзамсыз банк операциясын жүргүзгөндүк үчүн жеке адам 500дөн 1 миң сомго чейин айып төлөйт. Тийиштүү лицензиясы жок акча каражаттарын тарткандыгы үчүн жарандарга 2-5 миң айып төлөө жазасы колдонулат. Биз бул айыптар 10 эседен 30 эсеге чейин жогоруласа дейбиз. Ошондо жоопкерчилик канчалык чоң болору сезилет.
— КРде акча алмаштыруу боюнча жүктү коммерциялык банктар толук өзүлөрүнө ала алышабы?
— Бул маселени бир күндө чече коюу мүмкүн эместиги ансыз деле түшүнүктүү. Банктар бул багытта эмнени жасай алышат жана өз ордун ээлей алабы, өзүлөрү үчүн чечиши керек. Жакшы жер куру турбайт дегендей, эгер банк киреше алгысы келсе, рыноктун бардык талаптарына ылайык келиши керектигин түшүнүүсү зарыл. Мисалы, акча алмаштыруу кызматын күнү-түнү жана чоң көлөмдө көрсөтүү керек болот.
— Акча алмаштыруу жайларынын жабылышын КРдин каржы жана банк тармагынын жакшыргандыгынын көрсөткүчү деп эсептөөгө болобу?
— Арзан алып жана кайра кымбат сатып жиберүү идеологиясы өлкөнүн кадыр-баркына терс таасирин тийгизүүдө. Акча алмаштыруу жайларын жоюу чечимин кабыл алуу менен биз алдыга жылабыз. Армения, Грузия, Тажикстан андай жайлар жок эле ийгиликтүү жашап жатышат. Либералдуулук пайдалуу нерсе, бирок ал ашыкча көп болгондо, чоң башаламандыктарга алып келет. Каржы чөйрөсү тартипти жана системалуулукту жакшы көрөт, ансыз болбойт. Биз бул кадамды жасашыбыз керек.