БИШКЕК, 26-дек — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөнүн аймагында акча алмаштыруу жайларын жабуу жөнүндө мыйзам долбоорун демилгеледи. Банктын билдирүүсүндө мындай чечимге "акча алмаштыруучу менчик жайлардын пайда табууну көздөп сомго жасаган спекулятивдүү аракеттери" себеп болду.
Үстүдөгү жылы эле Улуттук банк республиканын бардык аймактары боюнча акча алмаштыруу жайларынын иштерине миңден ашык текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада аталган жайлардын кардарларды идентификациялоонун жоктугу; акча алмаштырууга байланыштуу жүргүзүлгөн операциялардын анык көлөмүн жаап-жашыруу; Улуттук банкка жалган маалымат берүү, ошондой эле КРнын УБ кызматкерлеринин текшерүүлөрүнө тоскоолдук кылуу сыяктуу мыйзам бузууларга жол бергендиктери аныкталган.
Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, чет элдик накталай валюталар менен акча алмаштыруу аракеттерин жүргүзүү укугу каржы-насыя мекемелерине: банктарга, насыя биримдиктерине, адистештирилген каржы-насыя мекемелерине, микро каржылоо жана микро насыялоо компанияларына берилет. Мындай мыйзам кабыл алынса, банк көзөмөлүнүн жана экономиканы жөнгө салуунун жол-жоболору жакшырып, акча алмаштыруу рыногунун катышуучуларынын тартиби жогорулайт деп эсептейт Улуттук банк.
Акча алмаштыруу жайларынын "Альянс" деп аталган ассоциациясында бул демилгени терс кабыл алышты. Анын өз атын атоону каалабаган өкүлдөрүнүн бири Улуттук банк акча алмаштыруу жайларынын ишин токтотууга ушуну менен үчүнчү жолу аракет жасап жатат деди. Акча алмаштыруу жайларын жабуу сунушунан кийин "андан да катуу чаралар" көрүлөт деген шектенүүлөрүн билдиришти ассоциация мүчөлөрү.
"Бул чөйрөдө 100 миңден ашык адам иштейт, 67 миллион сомдон ашык акча салык, пошлина, Соцфондго чегерүү, патент түрүндө төлөнөт. Мен иштеген бир топ жылдан бери биздин ишти токтотууга үчүнчү жолу аракет көрүлүп жатат. Алгач патент 5 миң сом турчу, анан 10 миң, 15 миң болду. Кийин ар бир кызматкер үчүн 1,5 миң сомдон төлөй баштадык. Башында биз жеке ишкана катары ачылчубуз, эми болсо ЖЧК деп эсептелебиз. Биз Улуттук банктын жана мамлекеттик мекемелердин бардык талаптарын аткаруудабыз. Эми биз кайда барып такаларыбызды билбейм", — деди маектеш.
Ошону менен бирге юридикалык тараптардын "Кыргызстандын банктарынын биримдиги" деп аталган бирикмесинин төрагасы Анвар Абдраев Sputnikтин кабарчысына аталган демилге боюнча комментарий берип жатып, Улуттук банктын жасаган аракетин түшүнө тургандыгын айтты. Анын сөзүнө караганда, демилге "бардыгы ачык-айкын, көзөмөлдөп жана жөнгө салына тургандай болушу" үчүн валюталык рынокту тартипке келтирүүгө багытталган.
"Рыноктор ассоциациясынын маалыматы боюнча, лицензиясыз иштеп жаткан акча алмаштыруу жайлары көп. Бул демилге андай жайлардын мыйзам бузууга жол бергендиги үчүн көтөрүлүп отурат. Россия жана Казакстан сыяктуу өлкөлөрдү мисалга алсак, ал жактарда акча алмаштыруу жайлары банк секторунун карамагында турат. Мен, банк секторунун укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо жаатында иш алып баруучу ассоциациянын жетекчиси катары ишеничтүү айта турганым, банктар рынокто, айрыкча чекене соода рыногунда отчёттуулук, лицензиялоо жагынан ачык-айкын иш алып барышат жана өз аракеттерин "Каржылык терроризмге каршы туруу жөнүндө" мыйзамга ылайык жүргүзүшөт. Банктардын кандайдыр бир ээнбаштык кылууга же кырдаалды курчутууга болгон умтулууларын мен байкаган эмесмин", — деп ой бөлүштү серепчи.
Коммерциялык банктардын монополиясы доллар менен евронун арзандашына алып келбейт деп эсептейт Кыргызстандын рыноктор, соода ишканалары жана тейлөө тармагынын ассоциациясына төрагалык кылуучу Сергей Пономарев. Ал акча алмаштыруу жайларынын жоюлушун жактабай турганын билдирди.
"Эгер акча алмаштыруу жайларын жоё турган болсок, алар улуттук валютаны 17 пайызга төмөндөткөн фактор экендигин моюнга алган болобуз. Ал эми валюта баары бир түшмөк. Кеп акча алмаштыруучу жайлар спекуляцияга алдырып койгонунда, бирок бул маселени башкача чечүү керек. Айрым акча алмаштыруу жайларына өз ишин мыйзамдаштырууга мүмкүндүк берип, бул процессти жөнөкөйлөтүү зарыл", — деп эсептейт Пономарев.
Ассоциация башчысынын айтымында, "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамды жөндөштүрүү керек.
"Мисалы, мындай окуя: биз Байтик Баатыр көчөсүндөгү акча алмаштырчу жерлердин бардык дейли. Доллар алайын десем, доллар жок. Бирок ал жайдын сыртында валюта сатып алабыз жана сатабыз деп жазылып турат. Мындай жол менен алар спекулятивдүү кырдаалды түзүп, керектөөчүлөрдүн укугун бузуп жатышат. Дал ушундай учурларга карата Улуттук банк менен мамлекеттик органдар чара көрүүлөрү керек. Ошондой эле акчаны алып кайра сатуудагы айырма (маржа) да жөнгө салынышы керек. Мисалы, ал кээде 50 тыйын болсо, кээде 1 сомго чыгып кетет. Бул, албетте, баарын кыжырлантат. Ошон үчүн чечкиндүү чаралар көрүлүшү керек", — деп белгиледи Пономарев.
Акча алмаштыруу жайларынын мыйзамсыз иш-аракеттери жана валюта рыногундагы спекуляциялар жөнүндө айтып жатып, серепчи "Альянс" ассоциациясы каржы рыногунда валюта сатып алууга мүмкүндүк берүүнү жана аны кайра сатууда милдеттемелерди орнотууну Улуттук банкка сунуш кылууну демилгелеп жатканын баса белгиледи.
"Ошентип, эгер акча алмаштыруучулардын кимдир бири аталган ассоциация өз мойнуна алган милдеттемени буза турган болсо, аны ассоциациядан чыгарып, доомат коюп жана кандайдыр бир айып төлөттүрөт. Эгер коммерциялык банктардын атаандаштары жок болсо, алар өз ара келишип алып, мындан да амалдуу спекуляцияларга барбайт деп ким кепилдик берет? Мен алдын ала күнөө койгум келбейт, бирок атаандаштык дайыма монополиядан артык болот", — деп бүтүрдү сөзүн Пономарев.
Акча алмаштыруу жайларынын ассоциациясында "рынокто спекуляция" жүргүзүп жаткан мыйзамсыз акча алмаштыруучу жайларга карата катуу чаралар көрүлүп, административдик айыптар жогорулатылышы керек деп эсептешет. Ал эми акча алмаштыруу жайларын жабуу жөнүндө Улуттук банкка сунушталган мыйзам долбоорун парламенттин депутаттары жаңы жылда карамакчы.