БИШКЕК, 29-дек — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркештам" чек ара өткөрүү пунктары 1-январдан 4-январга чейин жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Чек араны убактылуу жабуу жаңы жыл майрамына карата Кытай тараптын сунушу боюнча жабылууда.
Чек ара 5-январдан баштап кайтадан ачылат.